ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияны жеткирүү үчүн документтерди тариздөө жөнүндө

Новости
22-Октябрь 2019-ж.
3921

2019-2022-ж.ж. Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасына ылайык, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү экспорттун потенциалын жана экономиканын артыкчылыктуу секторунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн эске алуу менен тандалып алынган.

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рынокторунда кыргыз продукциясынын экспортун жана кайтарылып берилишин/тыюуларын азайтуунун себептерин талдоодо техникалык жөнгө салуу, СФС-чаралар жана метрология чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин мыйзамдары боюнча ишкерлердин жана Сапаттын улуттук инфратүзүм институттарынын (СУИ) жетиштүү маалыматтуулугунун жоктугу табылды.

Кайра иштетүүчүлөрдүн, СУИ өкүлдөрүнүн, кабардар болуусун жана билимин жогорулатуу максатында 2019-жылдын 22-23-октябрларында Ош шаарында Физика-техникалык Германия институтунун “Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызматын пайдаланууга көмөк көрсөтүү” (ПТБ) долбоорунун жана “Кыргызстандагы Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” GIZ долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосу менен ЕАЭБ/ЕБ рыногуна жана башка рынокторго продукция жеткирип берүүчү, кургатылган мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды өндүрүүчүлөр үчүн семинар өткөрүлдү.

КР Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын Шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана адал индустрия бөлүмүнүн башчысы Г. Абдымомунова тарабынан шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо, менеджмент системасын сертификациялоо, чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу КР ишкер субъекттерин колдоо маселелери тууралуу маалымат берилди.

Семинардан күтүлгөн натыйжалар:

- ЕАЭБ мыйзамдары чөйрөсүндө бизнестин маалымдуулугун жогорулатуу, бул документацияларды тариздөөдө жана тышкы рыноктордон продукцияны кайтарып берүүдө катачылыктардан качууга мүмкүндүк берет;

- бизнес менен СУИнин институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана Кыргызстандын сертификациялоо боюнча органдары ж.б. сыноо жана калибрлөө лабораториялары, көрсөткөн кызматтарды пайдаланууну жогорулатуу.

- атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын сапатын жогорулатуу жана өндүрүү максатында кургатылган мөмө-жемиштер менен толукталган чынжырча боюнча Calidena сапатынын жана куралдарынын стандарттарын киргизүүнү түшүнүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу