Аймактарда ББ/ЕАЭБ кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорунун талаптарын түшүндүрүү улантылууда

Новости
21-Октябрь 2019-ж.
3822

Экономика министрлиги уюштурган 8-октябрдан 18-октябрга чейин мамлекеттик тилде өткөрүлүүчү “Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү” семинарынын алкагында республиканын түндүк региону боюнча шаарларда: Нарын, Каракол, Талас шаарларында мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуулар болуп өттү.

Семинардын негизги милдети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында кабыл алынган жана иштеп жаткан техникалык регламенттердин укуктук ченемдеринин маселелери боюнча, тамак-аш азыктарын ЕАЭБ рыногуна жүгүртүүгө чыгаруунун шарттары жөнүндө жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо боюнча практикалык жана конструктивдүү диалог болду.

Ошондой эле тамак-аш продукцияларын байкоого алууну камсыз кылган, таңгактоого, маркалоого талаптар жана товарды коштоочу документтер жөнүндө маалымат берилди.

Семинардын программасы жалпысынан эң жогорку экспорттук потенциалга ээ болгон продукциялардын экспортунун көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу