Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү жөнүндө

Новости
17-Октябрь 2019-ж.
4385

Бул тууралуу бүгүн, 2019-жылдын 17-октябрында, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров пресс-конференцияда билдирди. Ал билдиргендей, 2018-жылы 13-апрелинде электрондук эсеп-фактураларын (ЭЭФ) киргизүү үчүн укуктук негиз түзгөн; ККМ-онлайн өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында товарларды маркалоону киргизген, “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

ЭЭФ системасын жүргүзүү максатында, 2019-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Эсептик фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорду электрондук документ түрүндө өткөрүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Пилоттук долбоор 2019-жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлөт.

Д. Кадыровдун айтымында, электрондук эсеп-фактуранын шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдыгы болуп саналат. Эгерде мурда башка аймакта болгон контрагентке оригиналдуу (кагаз) эсеп-фактураларды жөнөтүү бир кыйла убакытты алса (күндөр, жума), азыр салык төлөөчүнүн аз гана убактысы кетет.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, документтерди алмашуунун бул ыкмасынын талашсыз артыкчылыгы, эсеп-фактураларды тариздөөдө кетирилген бир катар катачылыктардан качуу болуп саналат.

Ошондой эле министрдин орун басары товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын ишке киргизүү максаттарында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө билдирди:

- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы “Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө” токтому кабыл алынган;

- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркировкалоону киргизүүнү караштырган, “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун тартиби жөнүндө” токтом долбоору демилгеленген;

- КР Өкмөтүнүн “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтом долбоору демилгеленген.

Товарларды маркалоо рынокту контрафакттык жана контрабандалык продукциялардан тазалап, рынокко ачык-айкындыкты киргизүүгө жана продукциянын сапатына кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет. Коддун жардамы менен товардын жүрүшүнө – чекене сатып алуучуга чейинки өндүрүштүн же импорттун кыймылына байкоо жүргүзүлөт.

Виртуалдык ККМди киргизүү максатында 2019-жылдын 26-августунда КР Өкмөтүнүн “Реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө” токтому кабыл алынган. Пилоттук долбоор 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу