Кыргыз Республикасынын РФ Тюмень облусу менен кызматташуусунун жол картасына кол коюлду

Новости
15-Октябрь 2019-ж.
2576

Тюмень облусундагы Кыргыз Республикасынын күндөрүнүн алкагында КР Өкмөтү менен Россиянын Тюмень 

облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлган. 

Өткөн жумада “Тюмень облусундагы Кыргыз Республикасынын күндөрүнүн” алкагында кыргыз делегациясы менен РФ Тюмень облусунун губернатору Александр Моор менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2020-жылы Тюмень облусунун беш ири шаарында жана “Кыргыз продукцияларынын күнү” жана “Кыргыз Республикасындагы Тюмень продукциясынын күнүн” өткөрүү боюнча келишимдер жетишилди.

Мындан тышкары, ич ара жеткирип берүү, дүң-бөлүштүрүүчү борборлорду түзүү (Тюмень облусунда да Кыргызстанда да), саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм, тактап айтканда тоодо лыжа тебүү тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда Кыргыз этномаданий борборун уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чарба субъекттеринин Тюмень шаарына жакын аймакты алып баруусун талкуулашты. Биздин тараптан мунайгаз тармагындагы ишканалардын кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдө эс алууну үзгүлтүксүз негизде уюштуруу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тюмень облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.

2019-2023-жж. соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтык жөнүндө ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (Кыргыз Республикасы) жана Тюмень облусунун Өкмөтүнүн Аппаратынын (Россия Федерациясы) ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу