Кыргыз Республикасы менен Россиянын Тюмень облусу менен кызматташуусун кеңейтүү

Новости
15-Октябрь 2019-ж.
2323

Россиянын Тюмень облусунда Кыргызстандын соода үйүн жана Кыргыз этномаданий борборун ачуу пландаштырылган. Ушул жана башка көптөгөн демилгелер өткөн жумада “Тюмень облусунда Кы ргызстандын күндөрү” иш-чарасына катышуусунун алкагында талкууланды. Жыл аягына чейин биздин өлкө, өз кезегинде РФтин Тюмень облусунун бизнес делегациясын кабыл алууга даярданат.

“Кыргыз Республикасынын күндөрү” Россиянын Тюмень облусунда өткөрүлдү. Биздин өлкөнүн делегациясынын башчылары: КР Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

Иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясы Тюмень облусунун губернатору Александр Викторович Моор менен жолугушуусу болду, өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө документтерге кол коюлду, В2Б жолугушуулар өткөрүлдү.

Кыргызстан үчүн Россиянын Сибирь жана Урал федералдык округдары потенциалдуу маанилүү аймак болуп саналат. Тюмень облусу, биздин пикирибиз боюнча, биздин өлкө менен кошуна аймактарды байланыштыра ала турган Россия соода хабы болуп саналат. Бул үчүн биз биринчи кезекте, Тюмень облусундагы дүң бөлүштүрүү борборлору менен байланыштыруу менен биздин аймакта дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Мындан тышкары, биз экономикалык кызматташуунун башка мүмкүнчүлүктөрүн тапкандыгыбызга кубанычтамын”, - деп билдирди Эльдар Алишеров.

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын күндөрүнүн” алкагында Тюмень облусунда жашап жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушуу өткөрүлдү, Тюмень аймактык “Биримдик” коомдук уюмунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган, Россия Федерациясынын аймактарындагы кыргызстандык диаспоралардын жетекчилери менен чогулуш өткөрүлдү. Тюмень ш. аталган юбилейлик иш-чаранын алкагында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын артисттеринин катышуусунда салтанаттуу концерт болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу