Министр Т.Сариев: Евразиялык экономикалык биримдике мүчө болуу келишимине кол коюулгандыгы 2014-жылдын эң негизги жетишкендиги болду.

Новости
13-Февраль 2015-ж.
2314
""Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн отурумунун жүрүшүндө республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылда болгон жыйынтыгы жана 2015-жылга коюла турган максаттар жөнүндө кыскача маалымат берип жатып айтып өттү.

Анын сөзү боюнча советтен кийинки мейкиндикте ири интеграциялык бирикме иштей баштады, ал катышуучу мамлекеттердин ортосунда товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана эмгек ресурстарынын эркин айланышын камсыз кылат. Бекитилген мөөнөттө бардык жол-жоболорду бүтүргөндөн кийин, Кыргызстан ЕЭБке 2015-жылдын май айында толук кандуу мүчөсү болот. Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн, тамак-аш жана кайра иштетүүчү иш каналар, бизнес үчүн жана экономикада ишкер белсеминин активдүүлүгүнүн өсүшү үчүн өбөлгө түзүлүп, мамлекеттин алдында жаңы мейкиндиктер, чакырыктар ачылып жатат.

2014–жыл, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мезгили дүйнөдөгү оор геосаясаттык абал, анын менен бирге дүйнөлүк экономикалардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткан дүйнөлүк валюталардын АКШ долларына карата арзандашы, мунай заттын баасынын төмөндөгөнүнөн улам көпчүлүк экономиканын өсүү темпинин басаңдашынын мезгилине туш келип калды.

Анын үстүнө батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата санкциясы, ошону менен бирге рублдин курсунун кескин түшүшү да абалды оорлотуп жатат.

Маалымат иретинде: 2014-жылдын 31-декабрына карата рубль 71,89 %га , тенге - 18,7 %га , евро - 11,8 %, белорус рубли –24,6%га , кыргыз сому 19,57 %га арзандады.

Мындай факторлордун таасиринен дүйнөлүк экономика болжолдонгон 3,2%дын ордуна 2,5%га кана өстү, Еврочөлкөм 0,9%га, (болжол 1,4%) Казакстан 4,3%га (6,0%) Россия 0,6%га (3%) Белорусия 1,6%га (2,5%) өстү.

Алардын таасири биздин экономикабызга да тийди.

Анткени биздин экономика региондогу эң ачык экономика болуп эсептелет, бирок анын өсүүсү алтын өндүрүүнүн, тышкы мигранттардан которулган каражаттардын көлөмүнө, транзиттик соодага жана сырткы жардамга көз каранды.

Жогорудагы факторлордун эсебинен жылдын башындагы ички дүң продукциясынын январдагы жогорку өсүү темпи 108,6 %дан жылдын аягында 103,6% менен бүттү.

Ошондой эле инфляциянын деңгээли бир топ жогору болду.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2014-жылдын жыйынтыгы менен ИДП көлөмү 397,3 млрд сом болуп, өсүү темпи 3,6 %ды түздү (2013-жылы 10,9%). Бул көрсөткүч болжолдонгон көрсөткүчтөн 0,9%га (4,5%) аз болгону менен ИДПнын номиналдуу көлөмү болжолдонгон суммадан 8,5 млрд. сомго көп болду.(388,8 млрд сом).

Кумтөр кенин иштеткен мекемелерди эсепке албаганда, ИДП реалдуу өсүү темпи 104,6% болду (2013-жылы 106,1%).

Кумтөр кени 2014-жылы 17,6 тонна(2013 жылы 18,7 тн) алтын өндүрүп 2013 -жылга салыштырмалуу 5,4% га аз болду (94,6%)

Экономиканын бардык секторлорунда жылдын башынан бери эле өсүү темпинин басаңдашы орун алып келди.

Жылдын жыйынтыгы менен айыл чарбасында 194,4 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 99,4% же 0,6 %га төмөндөдү(2013-ж. 102,7%), анын ИДПдыгы үлүшү 14,8 %ды түздү.

Өнөр-жай тармагында 167,6 млрд. сомдук продукция өндүрүлүп, 2013-жылга салыштырмалуу 1,6 %га төмөндөдү, ал эми Кумтөр кенин иштеткен өндүрүштөрдү эске албаганда, өсүү темпи 103,4 %ды түздү. Бул тармактын ИДПда үлүшү 15,6 %ды түздү.

Курулуш тармагында 96,9 млрд сом көлөмүндө болуп, өсүү темпи 124,9% түздү (2013- жылы 16,4 %). ИДПдагы курулуш тармагынын үлүшү мурдагы жылдарга карата 1,1 %га өсүп, 7,4 % болду.

333,2 млрд сом өлчөмүндө кызмат көрсөтүлүп, анын өсүү темпи 104,1 % болду (2013-жылы бул көрсөткүч 105,5 % болгон). Бул тармактын ИДПдагы үлүшү 48,1% болду.

2014-жылы сырткы соода жүгүртүү 7,6 млрд АКШ доллары өлчөмүндө, өсүү темпи 95,2% болду, экспорт 1,9 млрд. АКШ доллары, өсүү темпи 93,7% импорт 5,7 млрдАКШ долларын түздү өсүү темпи 95,7%.

Тышкы соода жүгүртүүнүн дефицити 3,8 млрд АКШ долларын түздү.

Негизги себептери болуп, авиакеросинди экспорттоону 19,5 %га, цементти –20,8 %га, электр лампочкаларын 16,3 %га, мөмө-жемиштерди 47,6 %га, жашылчаларды 22,8 %га жана кийим, текстиль буюмдарын 3,8%га азайгандыгы саналат.

Ал эми социалдык көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

ИДП ар бир жанга 71200 сом болуп, 9,5 %га өстү. Орточо айлык акы (кичи ишканаларды кошпогондо) 12435 сом болуп номиналдуу түрдө 8,8 %га, а реалдуу түрдө 1,2 %га жогорулады.

Жашоонун эң төмөнкү минимуму 4981,51 сом болду жана 8,3 %га өстү .

Экономикалык көрсөткүчтөрдүн жогоруда белгиленген түзүлүшүнө төмөндөгү факторлор таасир берди:

кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү көлөмдүн кескин төмөндөшү (импорт 4,3 %га төмөндөдү);

чет өлкөлүк түз инвестициянын агымынын кескин азайышы 443,3 млн. АКШ доллары келип өсүү темпи 64,6% болду (2013-ж 9 айда 658,5млн. доллар), ошол эле убакта капиталдын сыртка чыгып кетүүсү 321,0 млн. долларды түзүп, 2,1 эсеге жогорулады (2013-ж 150,9 млн долл.)

сомдун долларга болгон курсунун төмөндөшү;

бир топ жылдардан бери биринчи жолу мигранттардан келген акча каражаттарынын таза агымы азайууда (–5,1%) (2014 жылы мигрантардан келген акча 1812 млн АКШ долларын түздү, 2013 жылы 1908,2 млн АКШ долл.);

Манас аэропортундагы транспорттук ташуу борборунун чыгып кетиши жана түштүк жергесине газ берүүнүн токтотулушу;

ири инвестициялык долбоорлордун ишке киргизүү мөөнөтү так аткарылбай кечеңдеши:

айыл чарбасында ирригациялык долбоорлор;

тоо кен тармагында (Бозымчак, Алтынкен).

Мындай терс факторлордун таасирин азайтыш үчүн жана макроэкономикалык туруктуулукту сактап калыш үчүн Өкмөт бир топ аракеттерди жасады.

Өкмөттүн жыйындарында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын кароодо практикалык бир топ чечимдерди кабыл алуу менен министрликтерге, ведомстволорго жана Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жылдын максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча бир топ тапшырмалар берилип жатты.

Дагы бир белгилеп кетчү жагдай былтыркы жылдагы кургакчылык жана суунун тартыштыгы биз үчүн эки көйгөйдү жаратты.

Биринчиден бул айыл чарбасына болгон терс таасири, сугат суунун тартыштыгы түшүмдүүлүктүн аз болушуна жана айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн төмөндөшүнө алып келди.

Экинчиден электр энергиясын чыгарууну азайышы менен кошо түштүк жергесине газды токтотулушу биз үчүн оор маселеге айланды.

Ошого карабастан Өкмөттүн аракеттеринин негизинде мурдагы ушундай оор жылдардан айрымаланып, кыш мезгилинде электр энергиясын калкка үзгүлтүксүз берүүгө жетиштик.

Түштүк жергесине көгүлтүр отту берүүсү токтогондон чыккан көйгөйдү да чечкенге бир топ аракеттер жасалды.

Бирок кээ бир министрликтер жана ведомстволор өз мүмкүнчүлүктөрүн толук аткара алыша алган жок.

Маселен: Өкмөт жыл сайын фермерлеге жана дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү менен айыл чарба продукциясын жогорулатууга аракет жасоодо. Тилекке каршы берилген акчалардын эффективдүүлүгү эң төмөн, былтыр болсо 5,3 млрд. сом акча берилгенине карабастан айыл чарбасынын өсүү темпи 99,4% ды түздү.

Ошондуктан быйылкы жылы бул көйгөй кайра кайталанбас үчүн азыр экономика министрлигинин демилгеси менен дыйкандарга берилүүчү насыялардын жаңы принциби иштелип жатат.

Кыргызстанда өндүрүлгөн дан азыктарынын сапатынын начардыгынан, Мамлекеттик резервге буудай сатып алуу тапшырмасы да аткарылган эмес.

Ошондой эле энергетика жана өнөр-жай министрлигине Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте токтоп турган ишканалардын абалын изилдеп, алардын мындан ары тагдырын чечүү боюнча сунуш да аткарылбай келе жатат.

Эки-үч жылдан бери текстиль жана кийим тигүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган Технополис паркын түзүү боюнча иш чараларды аткаруу артка сүрүлүүдө.

Жалпысынан ошол протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат атайын тиркеме болуп материалдар менен бирге Өкмөттүн Аппаратына киргизилди.

Региондор боюнча карасак, өнөр-жай продукциясын өндүрүү Жалал-Абад (98,4 %), Баткен (88,4 %) Ысык-Көл (94,6 %) облустарында жана Бишкек (95,9 %) шаарында аткарылган эмес.

Айыл чарба продукцияларын өстүрүү Ысык-Көл (99,6%), Нарын (98,0%), Талас (98,9%) жана Чүй облустарында төмөндөп кеткен.

Кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактарында да региондор боюнча абал жакшы эмес.

Ошентсе да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзгөн экономикалык саясаты экономикада да болгон оң өнүгүүнүн тенденциясын сактап кала алды.

Быйылкы жылда экономикалык абал сырткы дүйнөлүк кырдаалга бир топ көз каранды болот (сомдун курсу, коңшу мамлекеттердеги жана дүйнөдөгү экономикалык абал, ж.б.)

Мындан тышкары суунун тартыштыгы, энергиянын жетишсиздиги да кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

Азыр көпчүлүк мамлекеттер өздөрүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн кайра карап чыгып жатышат (Россия мурдагы болжолдолгон 3,1 %дан (-)3 % га төмөндөттү, Казахстан 7,1 % дан 4,8% га чейин, Беларуссия 3,1 %дан 0,2-0,7 %га, Армения 5,5 % дан 3,5 %га чейин.

Биз да макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү кайра карап чыгууга мажбур болуп жатабыз. Биз үчүн 2015-жыл ЕАЭБ кирүүдөгү чечилүүчү жыл болгондуктан, бардык тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү баалоо менен макроэкономикалык өнүгүүнүн эки -үч вариантын даярдадык. Анда ар түрдүү сценарийге ылайык күтүлүүчү көрсөткүчтөр мурда болжолдонгон көрсөткүчтөрдөн бир кыйла төмөн болушу күтүлүүдө.

Министр Т.Сариев өлкөнүн алдында экономикалык стабилдүүлүктү жана ИДПнын оң өсүүнүн камсыз кылуу боюнча чоң милдеттер тураарын айтып кетти.

Ал үчүн бизде мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана биринчи иретте аткарыла турган шашылыш чаралардын бири Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп кирүү. Аткарыла турган иш чаралар бардык министрликтер жана ведомстволорго жеткирилген. Ошондуктан белгиленген график боюнча бардык иш-чараларды толук аткарууну камсыз кылууну сиздерден суранып кетээр элем. Бул чаралардын толук өз мөөнөтүндө аткарууну коом, бизнес жана калк бизден күтүп жатат деп белгилеп өттү.

Экинчиден, Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стартегиясында белгиленген милдеттерди толук аткаруу.

Электр тармагындагы ири долбоолорду аяктоо:

-Датка-Кемин электр линиясы, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын дамбасын курууну баштоо, Бишкек жана Ош шаарларынын электр тармактарын модернизациялоо ж.б.;

-Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун туруктуу иштешин камсыз кылуу;

-Түндүк- Түштүк алтернативдик жолду куруу;

-Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана жана башка транспорттук коридорлордун курулушун улантуу;

-Тоо кен тармагында былтыркы жылдын аягында ишке кирген Бозымчак кенин үчүнчү кварталда толук кубаттуулукка чыгаруу;

-Ишке кирүүгө даяр болгон Талды-Булак сол жээк кенине электр энергиясына болгон проблеманы чечүү;

-Жерүй алтын кенине, андан тышкары көмүр, гипс, жана б.у.с. кендерин өздөштүрүү боюнча конкурстарды өткөрүү;

-Газпром акционердик коомунун Кыргызстандын аймактарын газ менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралары аткарууну баштоо(бул долбоорго дээрлик 45,0 млрд рублдик каражат каралган);

-Дагы бир белгилеп кетчү нерсе быйылкы жылы мамлекеттик инвестициялык программа боюнча мурдагыдан бир жарым эседен ашыгыраак акча бөлүнгөн(45 млрд сом);

-Кыргыз-орус инвестициялык фонддун иш аракетин баштоо, азыр бул фондго 100 млн АКШ доллары келип түшкөн, жылдын аягына чейин дагы 400,0 млн АКШ доллары келип түшүүсү күтүлүүдө.

Мындан тышкары экономиканы өнүгүүсүн жакшыртуу максатында жеке бизнеске мындан ары колдоо көрсөтүүнү улантуу.

Алдыга коюлган милдеттер арбын, бирок ошону менен бирге тоскоолдуктар да аз эмес.

Маселен, дагы эле болсо да токтоп турган ишканалардын саны азайбай келет, аларды азайтыш үчүн тапшырмалар берилген. Мен ойлойм энергетика жана өнөр-жай министрлиги Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул маселеге быйыл чекит коет деп.

Суунун тартыштыгы быйыл да улануусу күтүлүүдө.

Ошондуктан биринчи иретте айыл чарба министрлиги, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери азыртадан баштап, жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн, дыйкандарга туура маалымат берүү менен, сууну аз талап кыла турган өсүмдүктөрдү айдоого сунуш берүү, арыктарды, каналдарды тазалоо, ошондой эле БСРларды калбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү керек.

Экинчиден быйыл да электр энергиясынын жетишсиздиги экономикага терс таасир тийгизбей койбойт. Ошондон улам энергетика жана өнөр-жай министрлиги Токтогул суу сактагычында күзгү-кышкы мезгилди жакшы өткөрүш үчүн суунун деңгээлин тиешелүү өлчөмдө кармоо боюнча аракеттерди азыртадан жасайлы.

Мындан тышкары аткаруу бийлигинин бардык тепкичтерине электр энергиясын үнөмдөө боюнча иштерди, бюджеттик мекемелердеги отканаларды көмүр менен жылытууга өткөрүү, энергияны үнөмдүү пайдалануучу технологияны пайдалануу жумуштарын жүргүзүү, кээ бир кичи шаарлардагы электр чыгаруучу отканаларды калыбына келтирүү керек.

Дагы бир орчундуу маселе, бул биздеги инвестициялык климаттын начардыгы.

Туура бизде бул багытта жакшы мыйзамдар жана укуктук ченемдик актылар бар. Бирок аны аткарууда проблемалар жок эмес. Анын үстүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кээ бир мамлекеттик органдардын, өзгөчө калктын инвесторлорго болгон мамилесинен улам чет өлкөлүк тике инвестициянын көлөмү жогорку өлчөмдө болбой жатат.

Ошондуктан мындан ары инвесторлорго башкача мамиле жасап чет өлкөлүк тике инвестициянын көлөмүн бир топ жогорулатуу зарыл. Азыр экономика министрлиги жер жерлерде бизнес форумдарды өткөрүп, бизнесмендер жана калк менен жолугушуп, бул багытта аракеттерди жасап жатат.

2015-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2015-жылды улуттук экономиканы бекемдөө жылы деп жарыяланды. Азыркы мезгилде ушул Жарлыкты аткаруу максатында жана дүйнөдөгү абалды эске алуу менен экономика министрлиги башка министрликтер менен кризиске каршы Планды иштеп чыкты жана кийинки жумадагы Өкмөттүн жыйынына сунуштайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу