Бизнести өнүктүрүү жана аймактарга инвестицияларды тартуу

Новости
10-Октябрь 2019-ж.
3942

КР Экономика министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгы эксперттер менен биргеликте республиканын түндүк облустук жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрүштү. Семинар башкаруучулардын потенциалын жогорулатууга багытталган. Катышуучулар ошондой эле мамлекеттик колдоонун жеткиликтүү механизмдери жана аймактарды өнүктүрүүгө каржылоону тартуу жөнүндө маалымат алышты жөнүндө маалымат алышты.

Тренингдин алкагында катышуучуларга аймактарда ишке ашырылып жаткан чакан жана орто бизнести колдоо чаралары жөнүндө кеңири маалымат берилди:

- аймактарды өнүктүрүү фонддору;

- келечектүү инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча конкурстук комиссия;

- аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду.

Семинардын катышуучуларын бул жаңы түзүлгөн уюмдарда өз долбоорлорун кантип илгерилетүүгө үйрөтүштү, алардын финансылык программаларынын артыкчылыктары, каржылоо боюнча долбоорлорду тандоо критерийлери жөнүндө маалымат беришти, натыйжалуу кызматташуунун принциптерин ишке киргизүүнү үйрөтүштү.

Ошондой эле программа “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын” кеңири изилдөөнү карайт.

Катышуучулар пландарды иштеп чыгуу боюнча машыгышып, иштелип чыккан документке ылайык натыйжаларды баалоону өткөрүшүп, аймактык өнүгүүнүн максаттарын, милдеттерин, чараларын жана индикаторлорун түзүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

 Мындан тышкары, жеңилдетилген салык салууга жаткан преференциялык калктуу конуштардын маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Эске салсак, бул чара өлкөнүн аймактарына инвесторлорду тартуу үчүн иштелип чыккан. Ал жергиликтүү ишкерлерге, инвест-макулдашууну түзүүгө, өзүн салыктын 4 түрүнөн бошотууга мүмкүнчүлүк берет: киреше салыгы, сатуудан салык, мүлк салыгы, жер салыгы-5 жылга. Түзүлгөн жумуш орундарынын санында, түшкөн акчанын өлчөмүндө жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасында жогорку көрсөткүчтөрдө жеңилдетилген салык салуунун мөөнөтүн 10 жылга чейин жогорулатууга болот.

Семинар КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктун аткаруу максатында өткөрүлдү.

14-17-октябрларда ушундай эле семинар Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу