“Евразия жумалыгында” бирликти түзүүгө болгон адамгерчиликтүү мамилени талкуулашты

Новости
27-Сентябрь 2019-ж.
3825

Кечээ Евразия жумалыгы – 2019 эл аралык ишкер форумунун алкагында ЕАЭБ жаңы чектери: жарандардын кызыкчылыгындагы өнүктүрүү стратегиясы сессиясы өттү. Ага КР Экономика министринин орун басары Э. Алишеров катышты.

Сессияда ЕАЭБти өнүктүрүү стратегиясына адамкерчиликтүү мамиле кылуу талкууланды. Эми, түздөн-түз экономикалык процесстерди бириктирүүдөн тышкары, Бирлик өлкөлөрү билим берүү, саламаттык сактоо, илим, спорт жана туризм сыяктуу аймактарда да кооперацияны жөнгө салышат.

Министрдин орун басары чогулгандарга ЕАЭБтин жаңы өнүгүү декларациясынын 4 негизги багыттарынын жигердүү иштелип чыккандыгы жөнүндө эскертти: интенсивдүү экономикалык өнүгүү, санариптик трансформация, социумду өнүктүрүү жана дүйнөлүк аренадагы биздин интеграциянын субъективдүүлүгүн аныктоо.

“Бүгүнкү күндө стратегиялык өзгөртүүлөрдү натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биздин жарандарыбыз иштөөгө, саякаттоого, билим алуу, спорттук натыйжаларга жетишүү мүмкүнчүлүгүн алуу жана бүткүл Евразия биримдигинин аймагында сапаттуу медициналык кызматтардан пайдалануу үчүн аракеттерди бириктирүү маанилүү” – деп белгиледи Э. Алишеров.

Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсүнүн жардамчысы Федор Черницын өз сөзүндө Евразия өлкөлөрүнүн интеграциялык процесси өзүнөн өзү эч качан болбогондугун баса белгиледи. Анткени, биз бир, Евразиялык, миң жылдык цивилизациясынын бөлүгү болуп саналабыз, өз ара эң натыйжалуу иштешүүнүн жана кызматташуунун жолдорун издеп таптык.

Эске салсак, Евразия Бирлигин өнүктүрүүнүн адамгерчиликтүү вектору ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары 2018-жылдын 6-декабрында ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюу менен кабыл алган. Декларацияда негизги багыттардын бири болуп адамдар үчүн интеграциянын дараметин ачып көрсөтүү, алардын жетиштүүлүгүн жана жашоо сапатын жогорулатуу, анын ичинде гуманитардык кызматташуунун экономикалык аспектилерин кеңейтүү аркылуу эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу