Биргелешкен Координациялык Комитеттин жыйыны тууралуу

Новости
30-Сентябрь 2019-ж.
4055

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары А. Алыбаевдин жана JICA офисинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Нэмото Наоюкинин катышуусунда “Бир айыл-бир продукт” Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргелешкен долбоору боюнча Биргелешкен Координациялык Комитеттин (БКК) төртүнчү жыйыны болуп өттү.

Ошондой эле БКК жыйынына Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана ушул долбоорго тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө А. Алыбаев долбоордун прогресстерин, БАБП Ысык-Көл моделин башка аймактарга жайылтуу жана долбоордун мындан аркы иш пландары боюнча биргеликте аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, БАБП Ысык – Көл моделин башка аймактарга жайылтуу боюнча долбоордун III фазасынын алкагында 2,3 миң мүчөдөн турган 342 топ түзүлгөн. Ошол эле учурда, биздин өндүрүүчүлөрдүн 2019-ж. 8 айдын ичинде БАБП долбоору боюнча Япония, Америка, Европа өлкөлөрү, Кытай, Россия (кийиз продукциясы, бал) сыяктуу өлкөлөргө сатуу боюнча жалпы көлөмү 24,7 млн.сомду түздү. Азыркы учурда органикалык пахтадан, козу карындардан, кийиз буюмдардан ж. б. ийрилген жиптерди экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында Тараптар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Эл аралык кызматташтык боюнча япон агенттигинин ортосунда өлкөнүн башка региондоруна БАБП Ысык-Көл моделин таратуу боюнча долбоордун биргелешкен Координациялык комитетинин төртүнчү жыйынынын протоколуна кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу