Кыргызстан “Doing Business – 2020” рейтингинин алдыңкы 20 реформатор-өлкөсүнүн катарына кирди.

Новости
30-Сентябрь 2019-ж.
5171

Кыргызстан Дүйнөлүк Банк тарабынан жарыяланган “Doing Business – 2020” (Бизнес жүргүзүү) рейтингинин алдыңкы 20 реформатор-өлкөсүнүн катарына кирди. 

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын “Электр түйүндөрүнө кошулуу”, “Салык салуу” жана “Насыя алуу” индикаторлору боюнча көрсөткүчтөр жакшыртылды.

В частности улучшились показатели индикатора «подключения к электросетям» за счет усиления контроля за отключениями и модернизации инфраструктуры. 

Атап айтканда, инфраструктураны өчүрүү жана модернизациялоо үчүн көзөмөлдү күчөтүүнүн эсебинен "электр тармактарына кошулуу" индикаторунун көрсөткүчтөрү жакшырды.

Изилдөөдө ошондой эле, кредиттик бюролордун ишин жакшыртуу боюнча “Насыя алуу” жана “Салык салуу” көрсөткүчү боюнча кайра каралып, отчеттуулук жана салык төлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү белгиленген.

Дүйнөлүк Банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына үч же ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жүргүзгөн мамлекеттерди тандайт. Бизнести жүргүзүүнү татаалдаштырган ченемдик өзгөрүүлөр, аны жеңилдеткен нерселерден кемитилет.

“Doing Business – 2020” рейтингинин расмий бет ачары 2019-жылы октябрдын аягында болот. 

https://www.doingbusiness.org/en/reforms/top-20-reformers-in-db2020

Маалымат үчүн:

Реформаларды андан ары жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-2020-жылдарга “Бизнес жүргүзүү рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планы кабыл алынган жана жүзөгө ашыруу стадиясында турат.

Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы бул рейтингде 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчү жети тепкичке көтөрүлүп, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты.

Doing Business (“Бизнес жүргүзүү”) долбоору дүйнөнүн 190 өлкөсүндө ишкерликти көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалаганга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу