Министр Т.Сариев ЭВФ вазийпасы менен болгон жолугушууда КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн азыркы жагдайын жана мындан аркы кызматташтыктын маселелерин талкуулады.

Новости
22-Январь 2015-ж.
2135
""

""























2015-жылдын 22-январында Экономика министрлигинде Темир Сариевдин жана Эдуард Гэмаель мырза баштаган Эл аралык валюталык фонддун (ЭВФ) вазийпасы жана Кыргыз Республикасындагы ЭВФ офисинин туруктуу өкүлү Юрий Соболев менен жолгушуу болуп өттү.

Обзордук вазийпа Кеңейтилген насыя механизмдеринин (КНМ) алкагында ЭВФ тарабынан келишим менен колдоого алынган 2014-жылкы Кыргыз Республикасынын үч жылдык программасын (2012-2014-ж.) ийгиликтүү аяктагандан кийин жаңы үч жылдык программа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу алкагында жүрүп жатат. Программаны аткаруу обзорунун бардыгы өз убагында аяктаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын азыркы социалдык-экономикалык абалы, 2015-жылы күтүлгөн макроэкономикалык өнүгүү сценарийлери, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана ЭВФ менен мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары тууралуу маселелер талкууланды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдике (ЕЭБ) кошулуу (2014-жылдын 23-декабры) маселеси да талкууланды, өз кезегинде министр 2015-жылдын 1-январынан баштап советтен кийинки мейкиндикте ири интеграциялык бирикме иштей баштайт, ал катышуучу мамлекеттердин ортосунда товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана эмгек ресурстарынын эркин айланышын камсыз кылаарын айтып өттү.

Бекитилген мөөнөттө бардык жол-жоболорду бүтүргөндөн кийин, Кыргызстан ЕЭБке 2015-жылдын май айында толук кандуу мүчөсү болот.

Өз кезегинде ЭВФ вазийпасынын башчысы Э. Гэмаель Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын оң жыйынтыктарын жана 2011-2014-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн оң экономикалык өсүш тенденциясын белгиледи. Кызматташтыктын жаңы программасынын негизги багыттарын кыскача айтып берип, кыргыз тараптын сунуштарын талкуулап жана үзүрлүү пикир алышууга даяр экенин билдирди.

""""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу