Газ жана өткөрмө түтүктөр жаатында стандартташтыруу боюнча биргелешкен техникалык комитетти түзүү жөнүндө

Новости
26-Сентябрь 2019-ж.
3594

2019-жылдын 25-сентябрында Кытай стандартташтыруу илимий-изилдөө жана эл аралык кызматташтык институтунун илимий-изилдөө жана пландаштыруу боюнча департаментинин, Кытай илимий-изилдөө стандартташтыруу институтуна караштуу Кытай стандартташтыруу Улуттук китепканасынын жана “SINO-Pipeline International Company Limited” курулуш компаниясынын делегациясы КР ЭМ караштуу Стандарттагтыруу жана метрология борборуна барышты.

Сапардын алкагында стандартташтыруу ишине, стандарттарды иштеп чыгуу, аларды колдонуу тартибине, жол-жоболоруна тиешелүү маселелер талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР ЭМ СМБнын директору Б. Аданбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө СМБнын Кытай өнөктөштөрү менен болгон эки тараптуу Меморандумдун базасы өз ара аракеттенүү түйүндөрүн табууга жана активдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Кытайлык адистер стандартташтыруу боюнча улуттук борбор менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тактап айтканда, газ жана өткөрмө түтүктөр жаатында стандартташтыруу боюнча биргелешкен техникалык комитетти түзүү үчүн жакшы дараметти белгилешти.

Стандартташтыруу ишмердүүлүгүнүн багыттары, персоналды окутуу маселелери боюнча өз ара маалымат алмашууга кызыгуу артат.

Кытайлык адистер стандарттар жана метрология жаатында СМБнын ишмердигинин багыттары менен таанышышты, СМБнын техникалык регламенттеринин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондуна болушту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу