Министр Т. Сариев: валюта рыногун башкаруу үчүн мамлекет бир тараптуу чараларды көрбөш керек.

Новости
22-Январь 2015-ж.
2129
2015-жылдын 20-январында КР Экономика министри Т.Сариев КР Улуттук банкы тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук угуусуна катышты.

Бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасында жеке акча алмаштыруучу түйүндөрүнүн ишине тыюу салуу каралган.

Коомдук угуу акча алмаштыруучу түйүндөрүнүн Альянс” ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Экономика министри КР Өкмөтү валюта алмаштыруучу түйүндөрүн жабуу боюнча демилгеге каршы экенин билдирип өттү, анткени валюта рыногун башкаруу үчүн мамлекет бир тараптуу чараларды көрбөш керек жана бул жерде административдик чаралар менен колдонууга болбойт, тескерисинче бул жөндөгүч атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана рыноктук механизмдердин негизинде тунуктукту камсыз кылууга түрткү бериши зарыл.

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу мамлекеттик жөнгө салуунун эң акыркы кадамы болуп саналат, мамлекет тарабынан акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан саясатты эске алып иш жүргүзүш керек.

Азыркы күндөгү мамлекеттик программалар мамлекеттеги дүйнөлүк каатчылыктын кесепеттерин азайтууга багытталган, эң негизгиси кичи жана орто бизнести колдоо жана мамлекеттин жөндөгүч функциясын либералдаштыруу жолу менен жумушчу орундарды сактап калуу жана жагымдуу атаандаштык чөйрөнү түзүү маанилүү.

Бул чөйрөдө иштеген ишкерлердин кызыкчылыгын да эске алыш керек, анткени ар бир жумуш орун бир үй бүлөнү багып жатат.

Жогорудагы айтылгандарды эске алып, министр Т. Сариев акча алмаштыруучу түйүндөр ассоцияциясына өздөрүнүн сунуштарын киргизип, КР Экономика министрлигинин аянтында КР Улуттук банкы менен биргеликте аны ар тараптуу изилдеп, мамлекеттин, бизнестин жана финансы кызматтарын колдонуучулардын кызыкчылыктарынын балансын сактап, ар кандай таасирлерди эске алып, жеке акча алмаштыруучу түйүндөрдүн ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча бирдиктүү чараларды иштеп чыгуу сунушун киргизди.

Мындан улам КР Улуттук банкынын катуу көзөмөлдөө функциясына багытталган чараларды КР Өкмөтү колдойт деп белгиледи.

""
""
""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу