СМБда жарык берүүчү приборлордун энергиялык натыйжалуулугун аныктоо боюнча сыноо лабораториясы ачылды

Новости
19-Сентябрь 2019-ж.
4384

2019-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда жарык берүүчү приборлордун энергиялык натыйжалуулугун аныктоо боюнча сыноо лабораториясынын ачылыш аземи болду. Иш-чара Экономика министрлигинин, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн жана РФнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлүнүн катышуусунда өттү.

КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев өз сөзүндө бул лабораторияда жарык кылуучу приборлордун энергиялык натыйжалуулугун аныктоо боюнча сыноо жүргүзүлөт деп белгиледи. Мындан тышкары лаборатория ЕАЭБтин “Энергияны керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө” жаңы техникалык регламентинин талаптарын аткарууга мүмкүндүк берет. “Муну менен биз жарандардын сапатсыз жарык чыгарган продукциядан коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздайбыз. Борбордук Азия өлкөлөрүндө мындай лабораториянын аналогу жок”, - деп белгиледи А. Шаршеев.

Ошентип, чыгарылуучу же сатылуучу светотехникалык продукцияны жергиликтүү деңгээлде сыноодон өткөрүү үчүн республиканын бизнеси үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. 

Аталган лаборатория БУУӨП-РГФ “Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө энергонатыйжалуулукту илгерилетүү үчүн стандарттар жана ченемдик жөнгө салуу” долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн, - деп маалымдады статс-катчы.

Жогоруда аталган сыноо лабораториясын түзүүнүн алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

- сыноо лабораториясынын имаратында оңдоо иштери жүргүзүлдү;

- жалпы суммасы 120 миң АКШ долл. тегерегинде спектрометрлер, гониофотометрлер, люксметрлер жана жардамчы жабдуулар сыяктуу сыноочу жабдуулар сатылып алынган жана орнотулган;

- сыноо жабдууларын калибровкалоо жана лабораториянын адистерин иш жүзүндө окутуу пландалууда.

Сөзүнүн соңунда статс-катчы А. Шаршеев БУУӨПтүн долбооруна ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасында сапат инфраструктурасын өнүктүрүү тармагында мындан ары да кызматташуу тууралуу белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу