Экономика министрлиги ыктыярдуу патенттин негизинде жүзөгө ашкан, ишкердүүлүк иштин түрлөрүнүн тизмеси кыскара тургандыгын маалымдайт.

Новости
15-Январь 2015-ж.
2070
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ыктыярдуу патенттин негизинде жүзөгө ашкан ишкердүүлүк иштин түрлөрүнүн тизмеси кыскара тургандыгын маалымдайт.

ИДПнын жана инфляциянын үлүшүнүн жогорулашына байланыштуу КР Финансы министрлиги Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” 2008-жылдын 30-декабрындагы КРӨ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтом долбоорун демилгеледи, ал төмөндөгүлөрдү карайт:

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштердин түрлөрүн кыскартуу;

- ишкердүүлүк иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде базалык сумманын коддорун тартипке келтирүү жана 2011-жылдын 11-январындагы КРӨ токтому менен бекитилген Экономикалык иштердин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна (ЭИТМК) ылайык келтирүү;

- объекттер боюнча товарларды чекене сатууну чектөө (адистештирилген дүкөндөр, адистештирилбеген дүкөндөр, соода борборлорундагы бутиктер, базарларда жана кичи базарлардагы сатуу) жана объектке карата салыктын ставкаларын бекитүү;

- 2009-жылы бекитилген ишкердүүлүк иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде Салыктын базалык суммасын жогорулатуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун долбоору азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына кароого жана бекитүүгө киргизилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу