ЕБ, Швейцария, Норвегия жана Түркияга экспортту ишке ашыруучу компаниялар үчүн REX онлайн-системасында каттоо боюнча семинар жөнүндө

Новости
16-Сентябрь 2019-ж.
4484

2019-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги (ИИКА) Бишкек ш. “Парк Отелинде” саат 9:00до ЕБ, Швейцария, Норвегия жана Түркияга экспортту ишке ашыруучу компаниялар үчүн REX онлайн-системасында каттоо боюнча маалыматтык семинар өткөрөт.

2016-жылы Кыргызстан ПЖС+ статусун алган, ал преференциалдык шарттар менен азыктардын 6000 аталышын экспорттоого мүмкүндүк берди. Экспорттук формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү үчүн Европа Бирлиги товардын чыккан жери тууралуу документти өзү түзүүгө мүмкүндүк берет. Экспортер ыйгарым укуктуу органга туура толтурулган анкетаны (арызды) берип, катталган экспорттоочулардын атайын системасында (мындан ары - REX) бир жолу кайрылуу жетиштүү. Андан кийин экспортер ар бир партияны компетенттүү органга экспорттоодо кайрылууга тийиш эмес. Ошол эле система Швейцарияга, Норвегияга жана Түркияга карата колдонулат.

ИИКА REX системасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалды, ошондой эле экспортерлорду аталган системада каттоого жоопкерчиликтүү. Кыргызстандын онлайн-каттоого өтүүсү 2020-жылдын 30-июнунда аяктайт.

2020-жылдын 1-июлунан тартып Европа Бирлигинин өлкөлөрү, Швейцария, Норвегия жана Түркия экспорттоочудан товардын чыккан жери тууралуу арызды REX системасынын жаңы эрежелери боюнча кабыл алышат.

Маалымат семинары бул онлайн - платформа менен кеңири таанышууга жана андан ары пайдалануу боюнча практикалык сунуштарды алууга мүмкүндүк берет: системада каттоо, келип чыгуу эрежелери ж. б.

Финляндия Өкмөтү тарабынан каржылануучу ПРООНдун “Соодага көмөктөшүү” программасы, ошондой эле “КР Туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү” GIZ программасы Кыргызстан REX системасында онлайн-каттоого өтүүдө ИИКА жана КР Экономика министрлигине эксперттик колдоо көрсөтөт.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн Пакистандан эл аралык консультант Камаль Шахрияр мырза чакырылды 

Кызыкдар компаниялар кеңири маалымат алуу үчүн 0312 620363 телефонуна кайрылууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу