Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башчысы Армениянын Кыргызстандагы элчиси менен болгон жолугушуусунда экономикалык кызматташуунун өнүгүшүн талкуулашты

Новости
12-Сентябрь 2019-ж.
4000

Бүгүн, 2019-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Министр Санжар Муканбетов менен Армениянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым жана укуктуу элчиси Гагик Галачяндын жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, учурдагы потенциалды белгилешти, ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган, стратегиялык маанилүү багыттар боюнча (айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жайы) биргелешкен ишканаларды түзүүгө дем берүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшай тургандыгына ишеним билдиришти.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө Тараптардын кызыкдарлыгын баса белгилешти.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүн болгон бардык күч-аракеттер жумшаларын белгилешти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу