Министр С. Муканбетов кызматкерлерди жана бардык кыргызстандыктарды келе жаткан КР 28-көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Новости
30-Август 2019-ж.
2434

2019-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү. Министр Санжар Муканбетов кызматкерлерди жана бардык кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү тууралуу декларация кабыл алынган күндөн тартып 28- көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Мындан жыйырма сегиз жыл мурда Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылды - кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана эгемендүүлүгү жарыяланган, андан ары татыктуу өнүгүүгө өз тарыхый жолубузду тандап алуу мүмкүнчүлүгү алынган. 

Эгемендүүлүк күнү ар бирибиз үчүн Кыргыз Республикасын колдоого, анын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого болгон үмүттөр менен байланыштуу.

Бүгүнкү күндө биздин улуттук экономикабыз өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшүүсү зарыл. Ар бир кыргызстандыктын жыргалчылыгына оң таасирин тийгизүүсү үчүн мындан ары экономиканын реалдуу өсүшүн камсыздоого болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек.

Биз мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жолу менен мамлекетти бекемдейбиз, бул болсо ар бир өнүккөн өлкөнүн жашоо ченеми болуп саналат. Биз акыйкат мыйзамдарды кабыл алып, так аткарышыбыз керек, - деп баса белгиледи министр.

Бардык кызматкерлерге чың ден-соолук, бакубаттуулук жана туруктуулук каалады.

Андан соң сыйлоо аземи болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу