Казак компаниялары КР соода-логистикалык борборлору жана ири фермердик чарбалары менен кызматташуу жөнүндө макулдашышты

Новости
21-Август 2019-ж.
4329

2019-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун катышуусунда “Prime Capital Holding” компаниясынын Башкаруучу директору А. Баймахан жана “MCC Treid company” коммерциялык директору Г. Исатаева, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу тармагында кызматташууну түзүү маселеси боюнча жашылча (мөмө) жемиштерди өндүрүү жана сатуу менен алектенген фермердик чарбалардын өкүлдөрүнүн жана айыл чарба багытындагы ири соода-логистикалык борборлордун жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда министр, казакстандык компания пилоттук долбоорго катышкан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө ылайыктуу үрөндү тандоого, аларды сатып алууга аванстык жардам берүүгө, ошондой эле айыл чарба продукциясынын ар кандай түрлөрүн өстүрүүгө агрономикалык байкоо жүргүзүүгө даяр экендигин (технадзор) белгиледи, бул алынган түшүмдү Казакстанда ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Prime Capital Holding казакстан компаниясынын Башкаруучу директору А. Баймахан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана соода-логистикалык борборлордун жетекчилерине көп жылдарга айыл чарба продукциясын кепилдик берүү боюнча ишкердик байланыштарды түзүү үчүн маанилүү болгон, бул Макулдашуучу Тараптар үчүн пайдалуу болгон жашылча-жемиштерди сатып алуунун шарттары жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстан компаниясынын өкүлдөрү жашылчалар (капуста, калемпир, пияз) эгилген талаага барышты, ал жерден өндүрүүчүлөр менен айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана сатуу шарттарын талкуулап, ошондой эле компания тарабынан сынамыкка сатып алуу тууралуу макулдашты.

Мындан тышкары компаниялардын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү Чүй облусунун айыл чарба багытындагы ири соода-логистикалык борборлоруна барышты, ал жерден жашылчала-жемиштерди сактоо алдында тазалоо, сорттоо, калибрлөө жана жууп тазалоого арналган, ошондой эле газ менен жөнгө салынуучу жемиш сактоочу өнөр жай муздаткыч - складдардын программалык шарттары менен таанышышты. 

Жыйынтыгында ири соода-логистикалык борборлордун өкүлдөрү жана дыйкан, фермердик чарбалар менен Казакстан Республикасына кийинки экспорттоо менен жашылча-жемиштерди сатып алуунун көлөмү, аны уюштуруу мөөнөтү жана андан аркы кызматташууну улантуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча алдын ала макулдашылды.

Маалымат үчүн:

“Prime Capital Holding” – казакстандын жеке инвестору. Казакстандын ири соода тармактары менен иш алып барат жана ири колбаса цехтерине, супермаркеттерине жана базарларга этти, жаңы жемиштерди жана жашылчаларды жеткирүүнү уюштурат.

MCC Trade Company компаниясы Казакстандын ачык рыногун башкарууда кеңири тажрыйбага ээ. Азыркы учурда компания Борбордук Азиядагы ири дүң базарларды өнүктүрөт жана башкарат, Астана, Алматы шаарларында ири соода тармактары менен иш алып барат, эт, жаңы мөмө-жемиш жана жашылчаларды ири колбаса цехтерине, супермаркеттерге жана базарларга жеткирүүнү уюштурат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу