Экономика министрлиги КММ жөнүндө Техникалык регламентти аткарууну кийинкиге калтыруу демилгесин көтөргөн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргойт

Новости
02-Август 2019-ж.
4022

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын айыптоосуна жооп катары Экономика министрлиги “Автомобилдик жана авиациялык бензинге болгон талаптар жөнүндө” Бажы бирлигинин Техникалык Регламентинин күчүнө киришин кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен кырдаалды түшүндүрөт

КР Экономика министрлиги 2019-жылдын июнунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 отунга талаптар жөнүндө Техникалык регламентке карата чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн. Бул ата мекендик мунай продуктуларын өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жасалган. Маселен, 2021-жылга карата баштапкы чечимге ылайык, Кыргызстан К4 жана К5 класстарындагы жогорку экологиялык отунду гана өндүрүүгө толугу менен өтүшү керек. Бирок, азыркы учурда 2021-жылга карата бардык талап кылынган кайра түзүүлөр аягына чыгарылбайт деген тобокелдик бар. (Азыр республикада – 7 нефтини кайра иштетүүчү завод бар, алардын баары инвесторлорду издөө жана Регламенттин талаптарын аткаруу үчүн өндүрүштү модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүшөт).

Ошондуктан министрликтин кызматкерлери тарабынан технологиялык өндүрүштү модернизациялоо, жөнгө салуу жана тармакты Бажы бирлигинин ушул Техникалык регламентинин талаптарын аткарууга толук даярдоо боюнча иштерди аяктоо үчүн - 2023-жылга чейин өткөөл мезгилди узартуу демилгеленген.

“Эгерде биздин ишканалар өндүрүштү өз убагында трансформациялоону бүткөрүүгө жетишпей калса, бул алардын токтоп калышына, жумуш орундарынын жоголушуна жана республикалык бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн азайышына алып келиши мүмкүн. Өзгөртүүлөрдү киргизүү менен биз ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоого умтулабыз, ошондуктан КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын позицияларына, атап айтканда, кийинкиге жылдыруу өтүнүчүнүн жардамы менен көмүскө экономиканын субъекттеринин кызыкчылыктарын лоббирлеген айыптоосуна таңдануудабыз” - деп КР Экономика министринин орун басары Э. Алишеров кырдаалды түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, төмөнкү экологиялык класстагы К2 жана К3 автомобиль жана дизель отунун Бажы бирлигинин бирдиктүү аймагына жүгүртүүгө 2018-жылдын башынан тарта жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн продукция – болжолдуу 2023-жылга чейин мурунку стандарт боюнча текшерүү катуу жүргүзүлөт жана улуттук шайкештик белгиси менен маркаланат, аны Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүгүртүүгө мүмкүн болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу