Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны жөнүндө

Новости
30-Июль 2019-ж.
7841

2019-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун төрагалыгында, Кеңештин мүчөлөрүнүн - мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жетекчилеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Кеңештин Катчылыгынын 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашууда каралган иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматы каралды.

Ошондой эле Кеңеште Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан эл аралык донор уюмдардын - Борбордук Азиядагы соода логистикасы боюнча Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC - Бүткүл дүйнөлүк банктын тобу) жана GIZ - Германия эл аралык кызматташуу боюнча коомунун долбоорунун техникалык көмөгү менен даярдалган, чек арада транспорттук каражаттарды чыгаруу убактысына жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары презентацияланды.

Мындан тышкары чек арада өз ишин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик контролдоочу органдардын ортосунда товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө алар чет өлкөлөргө келгенге чейин алдын ала маалымат алмашууда жаңы мамиленин негизги принциптери, ошондой эле чек арадагы тышкы экономикалык ишмердикти жөнгө салуучу мамлекеттик контролдоочу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү процессин жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга тийиштүү маселелер Кеңештин катышуучуларынын кароосуна киргизилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу