Бишкекте Гарвард университетинин методологиясы боюнча ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК пилоттук семинары өтүүдө

Новости
29-Июль 2019-ж.
8130

Бишкекте 2019-жылдын 29-июлунан 3-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишкердик потенциалды жана ишкерлик ишти жүргүзүү компетенциясын өстүрүү максатында Кыргыз Республикасындагы БУУӨП менен биргеликте ЭМПРЕТЕК (испан тилинен emprendedores – ишкерлер жана technologie - технология) пилоттук Программа боюнча семинар өткөрүүдө. Гарвард университетинин методологиясы боюнча ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК семинары Борбордук Азияда жана Кыргыз Республикасында биринчи жолу өтүп жатат.

ЭМПРЕТЕК программасы азыркы учурда дүйнөнүн 35 тен ашык өлкөсүндө БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылууда. Программанын негизги милдети - бизнеске карата ишкердик мамилени калыптандыруу; жашоону гана эмес, чакан бизнестин өсүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү, ошону менен калктын ичинде аз камсыз болгон катмарлардын иш менен камсыз болуусун жана кирешесин жогорулатууга жөндөмдүү ишкер-лидерлер.

Долбоордун өзөгү болуп Гарвард университетинин методологиясы боюнча ЭМПРЕТЕК сертификацияланган машыктыруучулар менен өткөрүлгөн 6 күндүк семинар-практикум эсептелет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр ийгиликтүү ишкерлер үчүн мүнөздүү болгон негизги ишкердик көндүмдөрүн бир катар бар экенин көрсөттү. Бул көндүмдөр тиешелүү диагноз коюу жана окутуу менен күчөтүлүшү мүмкүн, бул Эмпиректин семинардын максаты болуп саналат.

ЮНКТАД/Эмпретек сертификацияланган машыктыруучулар 2 күндүн ичинде ар бир талапкер менен анын жеке ишкердик профилин түзүү үчүн 45 - 60 мүнөттүк маек аркылуу 35 катышуучуну тандап алышты, ал профил кийин семинарда иштин жүрүшүндө ар бир катышуучу тарабынан пайдаланылат.

6 күндүк семинардын программасы ЭМПРЕТЕКтин методологиясына ылайык негизги 10 параметрлерди (ишкердин же менеджердин жеке компетенцияларын, анын ишинде ишкердик мамиле кылуу талап кылынат) аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган, алар бизнестеги ийгиликтин негизги факторлору болуп саналат.

ЭМПРЕТЕК семинары Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү программасынын “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды бекемдөө” долбоорунун финансылык колдоосу менен уюштурулган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу