“Тамак-аш кошумчалары” Кыргыз Озолоңу” уюмунун стандарты, Техникалык шарттар” иштелип чыкты

Новости
29-Июль 2019-ж.
7539

“Тамак-аш азыктары, айыл чарба өндүрүшүнүн азыктары жана аларды кайра иштетүүнүн азыктары” стандартташтыруу боюнча техникалык комитети (ТК02) тарабынан СТО 25820922-01-2019 “Тамак-аш кошумчалары “Кыргыз Озолоңу” уюмунун стандарты, Техникалык шарттар” иштелип чыгып бекитилди жана 2019-жылдын 11-июлунан тарта ишке киргизилет.

Аталган стандарт кургатылган жана майдаланган үрөндөрдүн аралашмасы түрүндөгү накта продукт болгон “Кыргыз озолоңу” тамак-аш кошулмасына жайылтылат, керектөө таңгагына оролгон жана эт, сүт жана башка тамак-аш азыктарына кошумча катары пайдаланууга арналган.

Бул стандарт шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жарактуу.

Өсүмдүк байыркы кыргыздарда “Кыргыз озолоңу” деп аталган, анын жалбырактары, гүлдөрү жана сабагы (кургатылган жана табигый түрдө) инфекциялык оорулардын ар кандай түрлөрүн, какырыкты жана кан токтотмо каражаттарын дарылоо үчүн арналган кайнатмалар түрүндө, ошондой эле кургатылган үрөндөр - эт, сүт жана башка тамак-аш азыктарынын сапатын сактоо жана даам сапаттарын күчөтүү үчүн пайдаланылган.

Азыркы учурда “Кыргыз озолоңу” кошумчасын колдонуу менен эт продукциясын тартуунун жана сактоонун ыкмасы Кыргызпатентте патенттелген. Документ биринчи жолу иштелип чыккан.

Иштелип чыккан стандартта идентификациялоонун органолептикалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү (1 жана 2-таблицалар), ошондой эле коопсуздук жана микробиологиялык көрсөткүчтөрү келтирилген (3 жана 4-таблицалар), пайдаланылган сырьего, таңгактоого, маркалоого, кабыл алуу эрежелерине, контролдоо ыкмаларына, ташууга жана сактоого талаптар бекитилди. 

Стандартта төмөнкү жоболор эске алынган:

- Алиментариус Кодекси. Азык-түлүк гигиенасы. Базалык тексттер:

CAC/RCP 1-1969, Rev. 4 (2003) “Тамак-аш гигиенасынын жалпы принциптери;

- CAC/GL 21-1997 (2013) “Тамак-аш азыктарына байланыштуу микробиологиялык критерийлерди белгилөө жана колдонуу боюнча принциптер жана жетектөөчү көрсөтмөлөр”; 

- Codex Stan 001-1985, Rev. 7 (2018) “Таңгакталган тамак-аш азыктарын маркалоого жалпы стандарт;

- Шайкештик даражасы - эквиваленттүү эмес (NEQ).

Кошумча суроолор боюнча КР ЭМ караштуу Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгына кайрылууга болот. Тел.: 620535 (220, 214, 130).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу