“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Новости
25-Июль 2019-ж.
3862

2019-жылдын 22-июлунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  эки жактуу түшүндүрмөлөрдү алып салуу жана КР “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.

Ошондой эле “Жарнак жөнүндө” Мыйзамдын мамлекеттик тилиндеги аталышы жана бүткүл текст боюнча  “жарнак”, “жарнактоону”, “жарнактала”, “жарнактоого”, “жарнакталган” деген сөздөр ар түрдүү тиешелүү түрдө жөндөмөлүк жана сандык формаларда шайкеш келүүчү “жарнама”, “жарнамалоону”, “жарнамалана”, “жарнамалоого”, “жарнамаланган” деген  сөздөргө алмаштырылды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу