Экономика министрлигинин кызматкерлери “Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйланышты

Новости
15-Июль 2019-ж.
5107

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрынын № 28 чечими менен бекитилген “Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы жөнүндө Жобонун 3-пунктуна ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жарандарын, ошондой эле үчүнчү мамлекеттердин жарандарын сыйлоо максатында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши чечим кылды:

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын, ошондой эле үчүнчү мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Республикасынан “Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйлансын.

2019-жылдын 15-июлунда КР Экономика министрлигинин Аппараттык кеңешмесинде министр Санжар Муканбетов министрликтин төмөнкү кызматкерлерин сыйлады:

- Алишеров Эльдар Туралиевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

- Ахматов Султан Маматович – КР Экономика министрлигинин Жардамдардын стратегиясы башкармалыгынын начальниги;

- Ахматова Индира Булатбековна – КР ЭМ Эл аралык кызматташуу жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын начальниги; 

- Токтоналиева Бүбүсара Жапаркуловна – КР ЭМ Соода саясаты башкармалыгынын соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

- Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович – КР ЭМ Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн башчысы;

-Абдыраимова Роза Аскарбековна – КР ЭМ Эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

- Дүйшөмбиева Бактыгүл Мукамбетовна – КР ЭМ Эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу