Соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иш жөнүндө

Новости
02-Июль 2019-ж.
4167

2019-жылдын 10-11-июндарында Ереван ш. (Армения) КР Экономика министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун адиси Арменияда, Түндүк жана Борбордук Азияда тарифтик эмес чаралар боюнча субрегионалдык семинарга катышты.

Арменияда, Түндүк жана Борбордук Азияда тарифтик эмес чаралар боюнча субрегионалдык семинар Азия-Тынч океан аймагы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык комиссиясы (БУУ ESCAP) жана Армения Республикасынын Өкмөтүнүн тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугу боюнча инспекциялык органы тарабынан уюштурулган.

Иш-чарада Армения Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугу боюнча инспекциялык органдын директору, БУУ ESCAP, БСУ өкүлдөрү сөз сүйлөдү.

ESCAP өкүлү бул иш-чарага талкуулоо үчүн пландалган бардык өлкөлөр үчүн суроолордун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Программага ылайык, ESCAP өкүлү семинардын катышуучуларына “Тарифтик эмес чаралар боюнча ыкчам иш”: Азия-Тынч океан аймагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү темасында презентация өткөрдү.

Ошондой эле ДСУнун өкүлү тарабынан “ТБТ ДСУ жана СФС Макулдашуулары, НТМ жөнүндө маалымдоо механизмдери жана транспаренттүүлүктүн маанилүүлүгү” деген темада прензентация өткөрүлдү.

Армения Республикасынын Өкмөтүнүн тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу боюнча инспекциялык органдын өкүлү семинардын катышуучуларына Арменияда тарифтик эмес чаралар боюнча маалыматтарды чогултуунун натыйжаларын сунуштады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Түркмөнстан жана Грузиянын, Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын атынан ошондой эле КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү катышты.

Семинарда өлкөлөрдүн өкүлдөрү соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришти.

СМБдан “ТБТ ДСУ боюнча Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында СМБ тарабынан жүргүзүлгөн иштер, 3-тиркеме “Стандарттарды даярдоонун, кабыл алуунун жана колдонуунун ак ниет практикасынын кодекси” аттуу презентация өткөрүлдү.

Семинардын уюштуруучуларынын сунуштарын эске алуу менен ДСУ кыргыз тараптан соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштерди активдештирүү Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары эл аралык стандарттарды кабыл алуу бөлүгүндө сунушталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу