Заманбап мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну интенсификациялоо жөнүндө

Новости
27-Июнь 2019-ж.
4329

2019-жылдын 25-июнунда КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору Пятигорск шаарында (Россия) өткөн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин үчүнчү жыйынына катышты.

Иш-чарада стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу органдарынын, ошондой эле Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен Кеңештин биринчи жана экинчи жыйындарында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жыйынтыктары талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө өткөрүлгөн талкуулоонун жыйынтыгы боюнча оңдоп-түзөтүүлөр киргизилди, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жана стандартташтыруу жаатында КМШ стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин кызматташтык программасына кол коюу үчүн төрага тарабынан жактырылды жана сунуш кылынды.

Ошону менен бирге, катышуучулар Заманбап мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну интенсификациялоо зарылчылыгына жана аларды иштеп чыгууну каржылоо механизмдерин өнүктүрүүгө басым жасашкан.

Белгиленген маселелердин чөйрөсүн талкуулоонун алкагында конструктивдүү дискуссия болду, анда мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун бардык процедураларын автоматташтыруу темасы кеңири каралды, алстандарттарды иштеп чыгуу жараянынын бардык баскычтарын тартипке келтирүүгө жардам берет.

Адистер белгилегендей, бул стандарттарды иштеп чыгууда негизги ролду стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттер да ойношот, алар сапаттуу стандарттарды иштеп чыгуу үчүн түздөн-түз негизги аянтча болуп саналат. Ушундан улам, Кеңештин катышуучулары стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды көрсөттү.

Ошондой эле жылына 1000ден ашуун мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү маселе көтөрүлгөн, катышуучулар “бул сандан көп санда ЕАЭБ техникалык регламенттерине карата программалардын алкагында иштелип чыгышы керек” деп белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Виктор Назаренко чыгып сүйлөдү, ал катышуучулардын көңүлүн аларды иштеп чыгууну каржылоону өркүндөтүүгө бурду. “Атап айтканда, ЕАЭБнин техникалык регламенттерине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну каржылоого мүчө мамлекет жана Европа Биримдигинин практикасы болгон комиссия альтернатива боло алат”, - деп белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу