Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти “КЦЗ” ААКдан коммерциялык сатып алуучулардын аффелирлөө фактыларын белгилөө боюнча ишти улантууда.

Новости
19-Июль 2012-ж.
2778

Кант цемент заводу” ААКсы цементке карата дүң сатуу бааларын көтөрүү жөнүндө расмий өтүнүчү менен кайрылды.

2012-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти тарабынан ПЦ М400 Д20 маркасындагы цементке дүң сатуу бааларын көтөрүү жөнүндө КЦЗ” ААКдан расмий өтүнүч алынган, каршысында өндүрүштүн рентабилдүү эместигине байланыштуу завод токтоп калышы мүмкүн.

2010-жылы Департамент тарабынан 4 %дык рентабилдүүлүккө байланыштуу тоннага 4700 сом баасы орнотулган жана бүгүнкү күнгө чейин бааны көтөрүү болгон эмес.

Департамент сунушталган эсептердин тактыгын текшерүүдө, бул маселени талкуулоо боюнча 6 кеңешме жана жумушчу жолугушуулар болуп өттү, заводго мыйзамдарды бузуулар фактыларын аныктоо боюнча пландан тышкары текшерүү жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда Департамент тарабынан КЦЗ” ААКдан коммерциялык сатып алуучулардын аффелирлөө фактыларын белгилөө боюнча иш улантылууда, анткени цементке бааны 2 эсеге көтөрүү алып сатарлардын аракеттеринен улам болгон.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу