Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу инвестициялык келишимге кол коюлду

Новости
17-Июнь 2019-ж.
4395

2019-жылдын 14-июнунда ШКУ саммитинин жүрүшүндө, мурда жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жана КР Экономика министрлиги менен Индиянын Финансы министрлигинин ортосунда жетишилген келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов жана Индия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Виджай Гокхале тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу инвестициялык келишимге кол коюлду 

2019-жылдын 12-июнундагы аталган Келишимдин долбоору КР Премьер-министри М. Абылгазиевдин буйругу менен жактырылган. 

Эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишим эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды кеңейтүүнүн жана коргоонун шарттарын карайт атап айтканда, эки өлкөнүн өз аймактарында инвесторлорго жана алардын инвестициясына карата толук коргоону жана коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттенмелери каралууда. Келишим он жылдык мөөнөткө түзүлгөн.

Бул келишимге кол коюу Кыргыз Республикасына болгон инвестициялардын кыйла өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу