2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасында техникалык регламент күчүнө кирет

Новости
13-Июнь 2019-ж.
4651

2019-жылдын 1-июлунун баштап Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин “Ташууга даярдалган мунайдын коопсуздугу же пайдалануу” техникалык регламенти күчүнө кирет (ЕАЭБ ТР 045/2017). 

Техникалык регламент ЕАЭБ ички рыногунда жүгүртүүгө чыгарылган мунайга карата колдонулат жана мамлекеттик тапшырык боюнча жана ЕАЭБ үчүн тышкы рынокко экспорттоого берилүүчү мунайга жайылтылбайт.

Мунай жүгүртүүгө чыгаруунун алдында шайкештик бааланууга тийиш, ал сапат паспортун тариздөө менен сыноо түрүндө жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: өндүрүүчүнүн аталышы жана жайгашкан жери, күкүрт водороддун чектик мазмундары, суутек кычкылы, органикалык хлориддер жана лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары, рынокто продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси.

Мунайдын Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугуна сыноо жүргүзүү өз сыноо лабораториясында же ЕАЭБтин шайкештикти баалоо боюнча органдардын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген сыноо лабораториясында ишке ашырылат.

Сапат паспорту мунай өндүрүүчү же сатуучу (анын ичинде импорттоочу) тарабынан таризделет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу