Экономика министрлигинде КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү

Новости
10-Июнь 2019-ж.
5067

2019-жылдын 10-июнунда, Экономика министрлигинин чоң залында КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болду.

Министр Санжар Муканбетов Экономика министрлигинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бул майрам коомдогу социалдык жана саясий туруктуулуктун кепилдиги болуп саналган, мамлекеттин экономикалык тутумун өнүктүрүүдөгү жана бекемдөөдөгү финансылык жана экономикалык чөйрөнүн кызматкерлеринин жогорку ролун баса белгилейт. 

Бардык катышуучуларга кесиптик ийгиликтерди, жемиштүү ишти, туруктуулукту жана бакубатчылыкты, жаңы горизонтторду, ошондой эле коюлган максаттарга дайыма жетишүүнү чын жүрөктөн каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин куттуктоо сөзүн КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбеков окуду.

“Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Финансы – экономикалык системасы - ошол эле учурда экономиканын эң татаал жана негизги тармактарынын бири жана анын ийгиликтүү иштеп турушунан биздин өлкөнүн бакубаттуулугу көз каранды болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикасынын алдында маанилүү милдеттер турат, аларды биз ырааттуу жана натыйжалуу чечүүбүз керек. Бул планда балансталган жана туруктуу бюджетти камсыз кылуу жана көмүскө экономика менен күрөшүү, заманбап санариптик технологияларды киргизүү жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү, бажы жана салык тутумун реформалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Финансы-экономикалык тармак – бул тийиштүү стратегиялык ой жүгүртүүгө жана аналитикалык акылга, жогорку квалификацияга ээ чынчыл жана жооптуу адамдар иштеген тармак. Өлкөдө өткөрүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын ийгиликтүүлүгү дал ушул адамдардын жөнгө салынган жана жемиштүү эмгегинен, демилгесинен жана патриоттуулугунан көз каранды.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык кызматкерлерге чың ден-соолук, узун өмүр жана кыйын, бирок жаратмандык ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм".

Ошондой эле, А. Орозбеков жеке өзүнү атынан Экономика министрлигинин жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады. Экономика министрлигинде сабаттуу кесипкөй, жогорку квалификациялуу жана жооптуу кадрлар иштеп жаткандыгына терең ишеним билдирди. Бардыгына жаңы ийгиликтерди, позитивдүү өсүүнү жана белгиленген милдеттерге жетүүнү каалады.

Андан соң кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен;

Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ишине кошкон олуттуу салымы үчүн жана “КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин “Экономиканын отличниги” төш белгиси менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппараты боюнча:

Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын экономикалык талдоо жана МОБ бөлүмүнүн башчысы - Абдекиров Алмаз Тынчтыкбекович; 

Персонал менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси - Бекишева Айсулуу Бердикуловна

Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын туруктуу өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башкы адиси - Бегматова Асель Абжалалбековна;

Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башкы адиси - Богомбаева Айнура Чымырбековна;

Укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Дюшеналиева Эльвира Самыйбековна;

Монополияга каршы саясат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын монополияга каршы саясат бөлүмүнүн башкы адиси - Соодалиева Дамира Становна;

Бажы саясаты башкармалыгынын эл аралык салык жана бажы мамилелер бөлүмүнүн башкы адиси - Темирбаева Людмила Каражигитовна;

Атайын бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – Тогузбаева Нина Сергеевна.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактык бөлүктөрү жана ведомстволук уюмдары боюнча төмөнкү кызматкерлер сыйланды:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн башчысы - Мурадылов Улан Джапаракунович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары - Садиров Акылбек Абдишукурович.

Башка уюмдар, министрликтер жана ведомстволор боюнча төмөнкү кызматкерлер сыйланды:

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун финансылык менеджер-бухгалтери Абдиева Кулкакы Масалбековна;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти Азаматов Азиз Азаматович;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы - Беков Аскат Турдумаматович;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун усулдук иши боюнча инспектору Боромбаев Токон;

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Салык жана салык салуу" кафедрасынын доценти Жумалиева Жылдыз Зайнидиновна;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы - Иманалиев Данияр Шаршенбекович;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу - Кыдыралиева Светлана Абакировна;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башкы адиси - Умарбекова Саида Октамовна.

Көп жылдык кынтыксыз иштери, кесиптик чеберчилиги үчүн, кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги, экономиканы өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жана “КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин “Сиңирген эмгеги үчүн” I даражадагы медалы менен:

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору - Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич сыйланды.

Кызматташтыкты бекемдөө боюнча иштерге кошкон жеке салымы жана экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн жана “КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:

Айкын-Сейил” ЖЧК директору - Айкын Турсун;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча кредиттик операциялар башкармалыгынын башкы экономисти - Акпаралы уулу Атай;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти Амантаев Адилет Кемелбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти Ташбеков Нурбек Кудайбердиевич.

Республиканын экономикасын өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн жана “КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:

Кыргыз Республикасынын Борбордук аппараты боюнча:

Монополияга каршы саясат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын монополияга каршы саясат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акматжан Азиза;

Эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - Давлесова Жибек Батырбековна;

Жардамдардын стратегиясы башкармалыгынын тышкы жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси - Токторбаева Бегимай Кубанычбековна.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактык бөлүнүшү жана ведомстволук уюмдары боюнча:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Каракол сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборунун башкы бухгалтери - Жумагулова Замира Догдурбековна;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын аймактык стратегиялык пландоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - Сүйүналы кызы Элиза;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн башчысы - Эдилбаев Алмаз Женишевич.

Башка уюмдар, министрликтер жана ведомстволор боюнча:

Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын экономика секторунун башчысы Алгожоева Гульнара Жумалиевна;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу - Аминова Гүлмира Исламовна;

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана тейлөө колледжинин Экономика, менеджмент жана туризм кафедрасынын доценти - Асанбекова Анаркүл Асековна;

Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине караштуу Инновациялык кесиптер институтунун директорунун орун басары - Жумашева Эльнура Кубанычбековна;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча-кредит саясаты бөлүмүнүн башкы экономисти - Джоомартова Гулзат Орозбековна;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти Джусупбаев Ислан Кувандыкович;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институтунун гидроминералдык ресурстар лабораториясынын башчысы Иванова Ольга Константиновна;

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Эл аралык байланыштар жана долбоорлор боюнча проректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович;

Ош шаарынын мэриясынын экономика, инвестициялар жана финансы бөлүмүнүн башчысы - Кайымов Талантбек Тилекматович;

Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине караштуу Инновациялык кесиптер институтунун директору - Орозалиев Мусапар Джумалиевич;

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Колдонмо математика жана информациялык технологиялар институтунун директору Супаева Гулназ Тынаевна;

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын финансы-экономикалык иштер жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн бухгалтери Усманова Салтанат Саткымбаевна;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу - Усубалиева Бермет Эрматовна

Н. Исанов атында “Экономика жана кадастр кафедрасынын башчысы - Тологонова Аида Мырзакановна.

Ак ниеттүү эмгеги үчүн жана “КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына байланыштуу төмөнкү кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппараты боюнча:

Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдрахманова Рахат Абдикаримовна;

Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ажекбаров Аалы Каныбекович;

Ишкердик ишти жөнгө салуу башкармалыгынын лицензиялык-уруксат берүү ишин жөнгө салуу жана ЖСТТ бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин у.м.а. - Акылова Эркайым Нурланбековна;

Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адисинин у.м.а. - Багышов Айдан Эрмековна;

Стратегиялык пландоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын аймактарды өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы - Калмырзаев Мирбек Темирбекович;

Эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - Марлисбек уулу Эмир;

Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын техникалык, уюштуруучулук колдоо жана сатып алуулар бөлүмүнүн программист - инженери Нурбеков Мирлан Нурбекович;

Укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башкы адиси - Тилекбеков Абсамат Тилекбекович;

Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын техникалык, уюштуруучулук колдоо жана сатып алуулар бөлүмүнүн программист-инженери - Шамшидинов Эламан Таштанбекович.

Башка уюмдар, министрликтер жана ведомстволор боюнча:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу - Гундижова Малика Мухаметкаримовна

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу - Далиева Гулина Султановна;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын экономисти - Мааткурбанова Перизат;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм балансы жана тышкы карыз бөлүмүнүн начальниги Султаналиева Асель Мырзатаевна.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу