Статс-катчы А. Шаршеев: “Жибек Жолунун экономикалык алкагы” демилгесин ишке ашырууга катышуу жөнүндө

Новости
06-Июнь 2019-ж.
5633

Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанга “Жибек Жолунун экономикалык алкагы” демилгесин ишке ашырууга катышуу, келип чыккан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды натыйжалуу пайдалануу маанилүү, ошону менен бирге тобокелдиктерди жана коркунучтарды азайтууга жетишүү керек. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызстан – Бир - алкак – Бир - жол” форумунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Статс-катчысы Айдин Шаршеев билдирди.

Статс-катчы белгилегендей, аталган коммуникациялык аянтча эки өлкөнүн мамлекеттик мекемелеринин жана бизнес өкүлдөрүнүн, ошондой эле эки тараптын илимий ишмерлеринин ортосунда пикир алмашууга арналган. Биринчи кезекте “Бир – алкак – Бир - жол” демилгесинин алкагында экономикалык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бул форум кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү механизм болуп калышын каалайт элек, - деп белгиледи Статс-катчы.

“Жибек Жолунун экономикалык алкагын” түзүүнүн алкагында үч транс - евразия экономикалык коридорлорун түзүү каралууда: борбордук (Кытайдан Борбордук жана Батыш Азия аркылуу – Персия булуңуна жана Жер ортолук деңизине) жана түштүк (Кытайдан  Индокитай аркылуу–  Инди океанына). 

“Жибек Жолунун экономикалык алкагы” кытай демилгесин иш жүзүндө ишке ашыруу Евразиянын айланасындагы дүйнөлүк экономиканын жаңы архитектурасын түзүүгө алып келиши мүмкүн, анда башкы байланыштыруучу звено Борбордук Азия болуп калат.

“Жибек Жолунун экономикалык алкагы” долбоору Кыргызстандын эмгекти аймактык бөлүштүрүүгө жана кооперацияга катышуусу үчүн, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү жана кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. 

Аягында А. Шаршеев Кытайда ушул стратегиялык демилгени иштеп чыгууну жана ишке ашырууну илимий жактан камсыздоого чоң маани берилээрин белгиледи. Атап айтканда, Кытайда Жибек Жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгууга катышуу үчүн акыркы 4-5 жылда бир нече илимий-изилдөө институту түзүлгөн: анын ичинде Борбордук Азия институту, Түндүк-Батыш университетине караштуу Жибек жолун изилдөө боюнча институту, Сиань чет тилдер университетине караштуу Борбордук Азия институту жана башка бир катар аналитикалык борборлор.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу