Коомдук тамак-аш ишканаларында тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө

Новости
04-Июнь 2019-ж.
6380

2019-жылдын 31-майында КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда “Коомдук тамактануу жана кейтеринг кызмат көрсөтүү ишканаларында тамак-аш продукциясынын коопсуздугу” темасында семинар өткөрүлдү.

Бул иш чаранын расмий күнү 7-июнда белгиленип, Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш коопсуздук күнүн майрамдоонун тарыхында биринчи жолу өткөрүлдү.

2018-жылдынг 20-декабрында Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы 73/250 резолюциясын кабыл алды. 2019-жылдын 7-июнунан баштап тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугун майрамдоо күнү тамак-аш тобокелдиктерин алдын алуу, аныктоо жана азайтуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жалпы көңүл тартуулоо жана көмөк көрсөтүү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугуна, адамдын ден-соолугуна, экономикалык өркүндөөгө, айыл чарбасына, рынокко жеткиликтүүлүк, туризмге жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн белгиленет. 

Семинарга катышуу үчүн ар түрдүү секторлордо тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүчү бардык өкүлдөр чакырылган, бул мамлекеттик органдар, соода уюмдары, керектөө топтору жана өндүрүүчүлөрдүн бирикмелери, жеке сектордун илимий жана изилдөө институттары жана структуралары, бирдиктүү мейкиндикте фермердик талаадан столдун үстүнө чейин келген тамак-ашка кол кабыш кылгандар, себеби, өндүрүштө сатып өткөрүү тизмегинин ар бир катышуучусу тамак-аш азыктарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу