Экономика министрлигинин кызматкерлери Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Беловодскийдеги балдар үйүнө барышты

Новости
31-Май 2019-ж.
2927

2019-жылдын 31-майында КР Экономика министрлигинин кызматкерлери “Биздин балдар-планетанын келечеги!”, бир айлыктын алкагында Москва районунун Ак-Суу айылындагы Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнө барып келишти.

Бүгүн, балдар жана мугалимдер менен болгон жолугушууда Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында куттуктоолор айтылып, аларга чың ден-соолук, ийгиликтер жана мыкты жайкы эс алуу каалап, белектер тапшырылды.

Экономика министрлиги жыл сайын көмөкчү, атайын мектеп-интернаттарына, карылар үйлөрүнө барып, улгайган адамдарга жана майыптарга зарыл окуу шаймандары, кеңсе товарлары, идиш-аяктар жана гигиеналык каражаттар, тамак-аш азыктары, кийим жана башка жардам түрүндө материалдык жана финансылык жардам көрсөтүп келет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу