Кыргыз Республикасы мындан ары да КЭР менен аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Новости
30-Май 2019-ж.
4798

Бул тууралуу 2019-жылдын 14-майында Бишкекте өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын начальниги Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, регионалдык кызматташуунун башкы багыттарынын бири, эки өлкөнүн аймагынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргызстан жана Кытайдын аймактык жакындыгын, салттуу түрдө түзүлгөн экономикалык жана маданий байланыштарын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасы мындан ары да Кытай Эл Республикасы менен аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы, - деп белгиледи аймактар аралык башкармалыгынын начальниги.

Ошондой эле ал аймактык кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-2020-жылдарга чектеш кызматташуу программасы кабыл алынганын белгиледи.

Өз ара аймактык кызматташууну өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Кытай аймагында да, Кыргызстандын аймагында да өткөрүлүүчү ар кандай соода-экономикалык иш-чараларга активдүү катышууда.

Кыргызстанда экономиканын ар кыл тармактарында 400 ашык биргелешкен кытай ишканалары иш алып барат (өнөр жай, тоо-кен казып алуу, медицина, айыл-чарба, кызмат көрсөтүү ж.б.). Бүгүнкү күндө төмөнкү ишканалар ийгиликтүү иштеп жатат: “Тянь-Шань Керамик” ЖЧК, “Алтын кен” ЖЧК алтын кенин казып алуучу ишкана, мунайды кайра иштетүүчү заводдор жана башка экономика жаатындагы ар кандай ири ишканалар.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда жана “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасына жана 2018-2022-ж.ж мезгилинде КР аймактык саясатынын Концепциясына ылайык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, кен казуу тармагында, өндүрүштүк-логистикалык жана башка инвестициялык долбоорлор, улуттук жана региондук инвестициялык долбоорлор бекитилген, аларды ишке ашырууга катышуу үчүн кытай тараптан сунуш түшүүдө. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу