Этап боюнча долбоорлоо жана куруу механизмин киргизүү жөнүндө

Новости
28-Май 2019-ж.
4490

2019-жылдын 18-майында Экономика министрлиги тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте иштелип чыгарылган “Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды. Оңдоп-түзөө жана курулуш үчүн уруксат берүүчү документтерди алууга көп убакыт талап кылынгандыктан, атап айтканда, Өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аяктоо кыйла созулуп, буга байланыштуу бир кыйла кыйынчылыктарды жараткан. 

Ошентип, республикалык масштабда мааниси бар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, ишке ашыруу мөөнөтүнүн кыскалыгынан подрядчыларга этап-этабы менен долбоорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгү зарыл болгон.

Мыйзамдын кабыл алынышы, долбоорлоо жана курулуш процесстерин бириктирүү жолу аркылуу өнөр жай объекттерин куруу, курулуштун жана ишке киргизүү комплекстеринин кезектүүлүгүн эске алуу менен (этап менен) убакытты кыскартуу жана өнөр жай объектисин мөөнөтүнөн мурун иштетүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

Параллель долбоорлоону жана курууну киргизүүнүн мурунку тажрыйбасына талдоо жүргүзүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин максималдуу эске алуу менен этап менен долбоорлоо жана куруу концепциясы долбоорлоо жана курулуш маселелерин жөнгө салуунун оптималдуу варианты болуп калды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу