КМШ МГС караштуу метрология боюнча илимий-техникалык комиссиия жөнүндө

Новости
23-Май 2019-ж.
4664

2019-жылдын 21-24-майларында Беларусь Республикасынын Брест шаарында Метрология боюнча илимий-техникалык комиссиясынын (НТКМетр) 49-жыйыны, Метрология тармагындагы негиз салуучу документтер боюнча жумушчу топтун (РГ ОДМ НТКМетр) 19-жыйыны жана Саламаттык сактоо чөйрөсүндө ченөө бирдейлигин камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу топтун 5-жыйыны (РГ ИЗ НТКМетр) өтүп жатат.

НТКМетр 49-жыйынынын өткөрүү алкагында төмөнкү негизги маселелер каралды:

- 2020-жылга чейинки мезгилдеги МГС өнүктүрүү стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу үчүн 2016-2020-жылдар мезгилине МГС иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу жана актуалдаштыруу;

- ЕЭК менен МГСнын ортосунда Стандартташтыруу жана метрология жаатында кызматташтык жөнүндө меморандумдун жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоо;

- метрология жаатында КООМЕТ менен МГС ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө протоколду актуалдаштыруу;

- “Сыноолордун жана типти бекитүүнүн, алгачкы текшерүүнүн, СИ метрологиялык аттестациялоонун натыйжаларын таануу тартиби” ПМГ 06-20ХХ долбоорун кароо жана талкуулоо;

- ОЕИ негиз болуучу ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана кайра кароо программасын ишке ашыруу жана актуалдаштыруу.

РГ ОДМ НТКМетр 19-жыйынынын алкагында төмөнкү маселелер каралды:

- РГ ОДМ НТКМетр жетекчилигин жана курамын бекитүүгө тийишитүү МГС 53-жыйынынын чечимдери;

- “Ченөөлөрдүн натыйжаларын көзөмөлдөө боюнча МГС саясаты” РМГ долбоору жөнүндө;

- 91 РМГ кайра карап чыгуу боюнча “ГСИ. “Өлчөө каталары” жана “Өлчөө аныксыздыгы” түшүнүктөрүн биргелешип колдонуу иштердин жүрүшү жөнүндө. Жалпы принциптер”.

РГ ИЗ НТКМетр 5-жыйынынын алкагында төмөнкү маселелер каралат:

- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө ОЕИ жаатында Макулдашууга катышкан мамлекеттерде өткөрүлгөн иштер жөнүндө;

- биологиялык чөйрөлөрдөгү компоненттердин курамынын мамлекеттер аралык стандарттык үлгүлөрүн иштеп чыгуу жөнүндө;

- саламаттык сактоо чөйрөсүндө өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо үчүн биологиялык чөйрөлөрдөгү компоненттердин курамынын стандарттык үлгүлөрүнүн тизмеси жөнүндө;

- медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы ченөө каражаттарына киргизүү критерийлерин иштеп чыгуу жөнүндө;

- медициналык багыттагы ченөө каражаттарын метрологиялык камсыз кылуу тартиби жөнүндө.

НТКМетр, РГ ОДМ НТКМетр жана РГ ИЗ НТКМетр жыйындарына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргызстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын жана Украинанын өкүлдөрү жана мүчөлөрү катышат.

Ар бир өлкөнүн өкүлдөрү метрология боюнча улуттук органдар жүргүзгөн метрология боюнча иштер тууралуу маалымат беришет жана ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо тармагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы көйгөйлүү маселелер талкууланат.

Жогоруда аталган жыйындарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талкууланган маселелер боюнча Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешке (КМШ МГС) мүчө - өлкөлөрдүн жумушчу топторунун мүчөлөрүнө жана метрология боюнча улуттук институттарга сунуштарды жана тапшырмаларды көрсөтүү менен протоколдорго кол коюлат.

Аталган жыйындарда кабыл алынган чечимдер стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин (КМШ МГС) мүчө-өлкөлөрүндө ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу