Экономика министрлигинде “Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо” долбоору менен таанышуу болот

Новости
22-Май 2019-ж.
4339

2019-жылдын 24-майында Экономика министрлигинин чоң залында саат 16:00 – 17:30 го чейин КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы токтому менен бекитилген, “Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо” долбоору менен таанышуу болот.

Долбоордун максаты, жеткиликтүү жана Жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жолу менен тамак-аш кайра иштетүү жана тигүү тармагы чөйрөсүндө өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Компаниянын пиар жүргүзүлүшүнүн жана ММКларга кеңири чагылдырылышынын маанилүү экендигин эске алып, журналисттер өзүнүн катышуусун 2019-жылдын 23-майына чейин тастыктоосун суранабыз. Долбоор боюнча пикирлер жана Сизди кызыктырган башка маселелер келип чыккан учурда, аларды телефон аркылуу инвестициялык саясат башкармалыгына даректөөнү өтүнөбүз: 62-05-35 (+159, +139), же электрондук почта аркылуу ipd@mineconom.gov.kg алат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу