Экономика министрлиги күйүүчү майлоочу майлардын көмүскө экономикага кетүүгө мүмкүн болгон жолдорун жок кылуу боюнча кошумча чараларды жүргүзүүдө

Новости
21-Май 2019-ж.
4510
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мурда, республиканын аймагында күйүүчү майлоочу 

майлар рыногун көмүскө түзүүчүлөр менен күрөшүү зарылдыгы жөнүндө белгилеген. Аталган маселени

 чечүү алкагында министрлик тарабынан Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайзаттарды 

эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтом долбоору демилгеленген, ал Кыргыз Республикасынын 

аймагына мунай продуктуларын алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга, анын ичинде салык 

төлөөчүлөрдүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын милдеттүү түрдө колдонуусу 

менен контролду күчөтүүнү карайт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 925 автомобилдерге май куюу станциясы (АЗС) иштеп жатат, алар 

реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды белгилөө жана берүү функциясы менен контролдук-кассалык 

машиналарды (ККМ-онлайн) колдонуу менен иш алып барышат, мында 310 АЗС 6 ири жабдып берүүчүлөргө 

таандык. 310 АЗСтин ичинен ыйгарым укуктуу салык органынын (АСУ) 270 АЗС серверине мунайзаттарды 

жүгүртүү жөнүндө реалдуу убакыт режиминде маалымат берүү боюнча маалыматтык автоматтык тутумга 

техникалык жактан өтүүгө даяр.

Бул учурда 270 АЗС мунай заттарын автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) өтүшүндө калган 

655 АЗС салык кызматы органдарынын эмгек ресурстарын оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, 

мындай чара көрүү салыктык башкарууну күчөтүүгө жана өлкөнүн көмүскө экономикасынын деңгээлин олуттуу

 азайтууга мүмкүндүк берет.

Экономика министрлиги тарабынан көмүскө экономикага кетүүгө мүмкүн болгон жолдорун жок кылуу боюнча

 

кошумча чаралар жүргүзүлүүдө.


Жогоруда баяндалгандардын негизинде КРӨнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайзаттарды эсепке 

алуу жана контролдоо жөнүндө” токтом долбоору чыныгы көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн максималдуу 

азайтууга мүмкүнчүлүк берет, муну менен бирге келечекте күйүүчү-майлоочу майлардын рыногунда 

жаңычылыктар үчүн натыйжалуу укуктук аянтча даярдоо милдети жетишилет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу