Статс-катчы А. Шаршеев: ШКУ алкагында экономикалык кызматташтык жаатындагы иштерди активдештирүү жөнүндө

Новости
17-Май 2019-ж.
2733

2019-жылдын 17-майында “ШКУ: кызматташтык чектерин кеңейтүү” Бизнес-форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев, ШКУ Бизнес-форуму аймактардагы экономикалык долбоорлорду натыйжалуу алга жылдыруу үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо жана ыкмаларды жана келечектүү багыттарды макулдашуу үчүн маанилүү механизм катары өзүн көрсөтө алгандыгын, жалпысынан ШКУ алкагында экономикалык кызматташтык жаатындагы иш акыркы мезгилде бир кыйла активдештирилгендигин белгиледи.

ШКУ өлкөлөрүнүн тиешелүү органдары тарабынан соода-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, кызматташуу жүргүзүлүп жаткан чөйрөлөрдү андан ары кеңейтүү боюнча сунуштар каралууда.

Анын ичинде сооданы жөнөкөйлөтүү тууралуу Макулдашуунун, ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызмат соода тармагындагы кызматташтык тууралуу Алкактык макулдашуунун долбоору да талкууланууда.

Транспорт жаатында өлкөлөр тарабынан ШКУнун автомобиль жолдорун өнүктүрүү программасынын долбоору каралууда, ошондой эле транспорттук инфраструктураны жана транзиттик ташуу тутумун өнүктүрүү, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланат.

Аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн ШКУ аймак башчылар форумунун өткөрүлүшү башталды. Эксперттик топтордун деңгээлинде ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) түзүү маселелери талкууланат. 

Кыргызстан, көпчүлүк ШКУ мамлекеттери катары эле “Бир алкак, Бир жол” (БАБЖ) Кытай Эл аралык Республикасынын демилгесин колдойт, аны биргелешип ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланууда, биз Евразия экономикалык бирлигинин жана БАБЖнын курулушун айкалыштыруу боюнча күч-аракеттер керек деп эсептейбиз, бул аймактын өлкөлөрүнүн потенциалын кыйла толук пайдаланууга көмөк көрсөтөт.

ШКУ алкагында соода жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти жигердүү улантуу, ШКУ Ишкерлер кеңешинин жана ШКУ Банктар аралык бирикмесинин катышуусунда биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле ишкер кызматташтыкты бекемдөө зарыл, - деп билдирди А.Шаршеев.

ШКУ мейкиндигинде экономикалык долбоорлорду натыйжалуу жылдыруу үчүн кыргыз тарап тезирээк финансылык механизмдерди — ШКУ Өнүктүрүү банкын жана өнүктүрүү фондун түзүүнү колдойт, ШКУ банкын уюштуруу маселесин Кыргыз Республикасынын аймагында талкуулоо жана макулдашуу процессин улантууну сунуш кылат. Аймактарда финансылык механизмдерди түзүү турмуштук маанилүү инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу секторго ШКУ өлкөлөрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Ушуга байланыштуу аталган көйгөйдү чечүү үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн инфраструктура объекттерин каржылоо фондун (ИКФ) түзүү сунушталат, ал жергиликтүү валютадагы займдарды кошкондо, 15 жылга чейинки мезгилге узак мөөнөттүү зайымдарды каржылоого арналган. Ошондой эле бул фонддун каражаттарынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) принциптеринде ири инфраструктуралык долбоорлор каржыланышы мүмкүн.

КР Экономика министрлигинин Статс-катчысы ошондой эле соода чөйрөсүндөгү маанилүү долбоорлор жөнүндө маалымат берди.  

Жыйынтыгында А. Шаршеев бул Форумду өткөрүү ишкер кызматташтыкты бекемдөө, жаңы өнөктөштөрдү издөө, иш аракеттердин актуалдуу маселелерин талкуулоо, ШКУнун ишкер коомчулугун консолидациялоо сыяктуу Бизнес-форумдун негизги максаттарга жетишүүгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирди.

Белгилей кетчүнерсе, бүгүнкү форумга ШКУга мүчө мамлекеттерден жана ШКУ өнөктөштөрүнөн жана байкоочуларынан болуп саналган бир катар өлкөлөрдөн 300дөн ашык катышуучу катышууда. Алар - ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана ишкерлер, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу