Министринин орун басары Д. Кадыров: КР фискалдык саясатынын негизги реформалары жөнүндө

Новости
17-Май 2019-ж.
4894

2019-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Дастан Кадыровдун жана министрликтин Салык саясаты башкармалыгынын начальниги Кубан Айдаралиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги реформалары тууралуу пресс-конференция болуп өттү.

Министрдин орун басары “2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын программасын жактыруу жөнүндө” Өкмөттүн иштелип чыккан токтом долбоорунун 2019-2021-ж.ж. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын орто мөөнөттүү программасы жөнүндө маалымат берди.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасы боюнча Д. Кадыров, 2018-жылдын 13-апрелинде электрондук эсеп-фактураларын киргизүү үчүн укуктук негиз түзгөн; ККМди өркүндөтүү–онлайн жана Кыргыз Республикасында товарларды маркалоону киргизүүнү түзгөн, “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынганын маалымдады. 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү товарларды жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун, керектөөчүлөрдүн укугун коргоону, бизнес жүргүзүүнүн атаандаштык шарттарын теңдештирүүнү, көмүскө экономиканы кыскартууну, ошондой эле бюджетке салыктардын түшүүсүн көбөйтүүнү камсыз кылат, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Электрондук эсеп-фактуралар системасын киргизүү максатында КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлунан тартып эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду электрондук документ түрүндө өткөрүүнү караган токтому кабыл алынган.

Маркалоо жана виртуалдык ККМ системасын киргизүү максатында (пилоттук долбоор) КР Өкмөтүнүн расмий сайтына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан жана жайгаштырылган.

2019-жылдын 15-январынан баштап КР Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функциялары КРӨгө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу