Жалал-Абад облусунда аймакты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды

Новости
15-Май 2019-ж.
4419

2019-жылдын 15-майында КР Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев башында турган, Экономика министрлигинин Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү, Соода саясаты жана аймактар аралык башкаруу башкармалыктарынын начальниктеринен түзүлгөн КР ЭМ делегациясы Жалал-Абад, Майлуу-Суу ш., Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун бизнес-коомчулугунун, шаардын жана коомдун өкүлдөрү менен аймакты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жана “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу боюнча, 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча”, мамлекеттик органдардын ишин баалоо методикасы боюнча маселелер талкууланып, презентациялар өткөрүлдү. 

Ошондой эле, Өкмөттүн “2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү жөнүндө” Программасын ишке ашыруу жана республиканын аймактарында ишкерлерди тейлөө борборлорун (ИТБ) түзүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун катышуучуларына 2021-жылга чейин ишкерлик субъекттерин текшерүүгө мораторий, 20 шаарда өсүү пункттарын киргизүү, региондорду өнүктүрүү фонддорунун, жеңилдетилген салык салууга жана салыктык башкаруу боюнча преференциялык калктуу конуштардын ишин өркүндөтүү жөнүндө маалымдалды.

Мындан тышкары, Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) өкүлү тарабынан Жалал-Абад облусунда кластерлерди өнүктүрүү маселеси боюнча презентация өткөрүлдү.


Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондорунун жана Кара-Көл, Таш-Көмүр ш. калкы, бизнес-коомчулугу жана активдери менен жолугушуу болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу