Абсолюттук басымды өлчөө жаатындагы өлчөө каражаттарын калибрлөөнүн жаңы түрлөрүн өздөштүрүү

Новости
15-Май 2019-ж.
4320

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (СМБ) 2019-жылга СМБнын койгон милдеттеринин максатында басым лабораториясында эл аралык талаптарга ылайык абсолюттук басымдагы приборлорду калибрлөөнү киргизет.

Ушу жылдын 13-18-майларында лабораториянын адистери Германия Физико-техникалык институтунун эксперттери менен биргеликте абсолюттук басымды өлчөө жаатында Ruska 2465A-754 газ оор поршендүү манометр – эталондук жабдууну пайдаланууну ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүшөт. Ошондой эле бул СМБ басымынын калибрлөө лабораториясы үчүн аккредитациялоо жаатын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аталган иштер “Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын өнүктүрүүнү колдоо” Германиянын физикалык-техникалык институту (РТВ) менен аймактык долбоордун колдоосунда ишке ашырылат.

Ошентип, бизнес коомчулугунун, метрологиялык лабораториялардын өкүлдөрү жана ИСО/МЭК 17025:2017 эл аралык стандарты боюнча аккредиттелген калибрлөөчү лабораториялар үчүн “Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар” басымдын калибрлөө лабораториясы 70 бар диапазонунда абсолюттук басымды өлчөө жаатындагы ченөөлөргө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул, басым калибраторлорду калибрлөө мүмкүнчүлүгү пайда болгондугун билдирет, алар “Газпром Кыргызстан” ЖЧК, Бишкек ЖЭБ жана Ош ЖЭБ, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук тармактарында, ошондой эле газ жана жылуулук ресурстарын жабдуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы бөлүмдүн чектеринде газды жана газ бөлүштүрүүчү пункттарды эсепке алуу түйүндөрүнө жана станцияларына орнотулган. Мындан тышкары, лабораторияларда, өндүрүштө ж.б. атмосфералык басым белгиленген барометрлерди калибрлөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу