Кыргызстанда туруктуу өнүгүү максаттарын адаптациялоо боюнча өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары талкууланды

Новости
03-Май 2019-ж.
4347

Өнүктүрүүнүн Глобалдык күн тартибин жана туруктуу өнүктүрүү максаттарын (МӨМ) улуттук деңгээлде чектөө жана адаптациялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук артыкчылыктары, узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү стратегиялары жана пландары менен тыгыз байланышта болуу максатында, ушу жылдын 3-майында КР Экономика министрлигинде МӨМгө жетишүүнүн улуттук серебин даярдоо боюнча жумушчу топтор менен биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Аталган иш-чара 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин ишке ашыруу алкагында болду жана ТӨМгө адаптациялоо жана ишке ашыруу боюнча катчылык тарабынан уюштурулган.

Жыйындын жүрүшүндө презентация өткөрүлдү жана улуттук ыктыярдуу баяндаманы даярдоо процесси, МАПС миссиясынын жыйынтыгы (саясатты тездетүү жана колдоо), Кыргыз Республикасында ТӨМ адаптациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча маселелер талкууланды.

Жыйынга КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу