Кирген / чыккан интернет-трафиктин эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмдерди ишке киргизүүнүн тартиби жөнүндө

Новости
03-Май 2019-ж.
5361

КР Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы “КР санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө чечими менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Малекеттик бажы кызматына, КР Экономика министрлигине жана КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине ушул чөйрөнү регламенттеген тиешелүү ЧУАларды иштеп чыгуу жана демилгелөө менен КР кирген / чыккан интернет-трафиктин эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмдерди ишке киргизүүнү камсыз кылуу тапшырылган.

Аталган тапшырманы жүзөгө ашыруу максатында “Кирген жана чыккан интернет трафигин эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыккан.

Жобонун долбоору менен талдоо, эсепке алуу жана кириш жана чыгыш трафикти жөнгө салуу боюнча аппараттык-программалык комплексти киргизүү тартиби, КР кириш жана чыгыш интернет трафикти эсепке алуу боюнча маалымат алмашуу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана аларды салыктык башкаруу максатында пайдалануу тартиби каралат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу