Укук жана экономиканын пайда болушу боюнча түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү

Новости
30-Апрель 2019-ж.
2867

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууга алып, КР Экономика министрлигинин Укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн “Укуктун жана экономиканын пайда болушу” темасында презентация өткөрүлдү.

Түшүндүрүү лекциясынын жүрүшүндө окуучулар цивилизациянын өсүшүнө жана укуктук, экономикалык ишмердүүлүктүн тарыхый өнүгүүсү тууралуу маалымат менен таанышышты.

Белгилей кетчү нерсе, тарых билүү, укук предметин жалпы түшүнүүгө жана экономикалык процесстерди өнүктүрүүгө жана колдоого анын тийгизген таасирине түздөн-түз таасирин тийгизет.

Азыркы учурда калктын укук маданиятын жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Укуктук маданияттын жогорку деңгээли укуктук прогресстин көрсөткүчү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу