Нарын облусунда финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жөнүндө

Новости
29-Апрель 2019-ж.
4421

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылы Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Нарын шаарында, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган “Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк” деген темада тегерек стол болду.

Тегерек столго Нарын шаарынын мэри, райондордун акимдери, КР Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, “Гарантиялык фонд” ААК, “Банктар аралык процессинг борбору жана коммерциялык банктар” ЖАК, микрофинансылык уюмдар жана Нарын облусунун бизнес-коомчулугу катышты.

Аталган иш-чара жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда финансы институттары жана бизнес коомчулуктар ортосунда натыйжалуу диалог үчүн уюштурулган. 

Тегерек столдун алкагында КРУБ жана коммерциялык банкттардын өкүлдөрү тарабынан калкты жана ишкердик субъекттерди сапаттуу жана арзан банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу боюнча өлкөнүн банк секторлору тарабынан кабыл алынган чаралар жана аракеттер жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле, финансы-банк секторунун өкүлдөрү бизнес-коомчулук менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана продуктулар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүп, бардык кызыктырган суроолорго консультацияларды жана жоопторду беришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу