Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүүнүн сервистик моделин өнүктүрүү жөнүндө

Новости
25-Апрель 2019-ж.
4906

Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасында улуттук жана чет элдик тажрыйбаны эске алуу менен кызмат көрсөтүүнүн сервистик моделин өнүктүрүүгө карата методикалык ыкмаларды иштеп чыгуу максатында, 2019-жылдын 24-апрелинде “Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүүнүн сервистик моделин өнүктүрүү” темасында семинар өткөрүлдү.

Бул демилгени ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөш катары Хельветас-Кыргызстан Эл аралык кызматташтык Ассоциациясы чыгууда.

Семинардын темасы өлкөнүн актуалдуу көйгөйлөрүнүн бирине арналган, анын маанилүүлүгү 2018-2040 жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, атап айтканда 2023-жылга чейинки мезгилдеги анын артыкчылыктуу багыттарында белгиленген.

Бул документте белгиленген стратегиялык максаттарга жетүүгө калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүшү керек.

Ошондуктан бул маселелер өлкөнүн Өкмөтү менен коомчулуктун гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасында иштеп жаткан эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрүнүн да көз алдында турат.

Белгилүү болгондой, азыркы учурга карата “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана бул чөйрөдөгү башка ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу процессинде келип чыккан маселелердин чоң пакети түзүлгөн. Бул суроолор талкуу жана чечим кабыл алуу үчүн ар тараптуу талдоону талап кылат.

Ошол эле учурда мамлекет жооптуу болгон кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты тереңдетүү керектигин ачык-айкын түшүнүү бар. Анын борборунда адам, республиканын тургуну, ал жашаган жерине карабастан “сервистик мамлекет” концепциясы негизделиши керек.

Эскерте кетчү нерсе, бул иш “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө” КР Экономика министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругуна ылайык аткарылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу