“Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” Программасы долбоордук сунуштар сынагына катышуу үчүн каттоо жөнүндө жарыялайт

Новости
18-Апрель 2019-ж.
2484

“Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” Программасы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда иштеп жатат. Программа Европа Биримдиги менен Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин кош каржылоосу менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH ишке ашырылууда.

Программа айыл жергесиндеги жашоочулар үчүн киреше алуу мүмкүндүгүн илгерилетүүгө жана экономика жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү жергиликтүү демилгелерге дем берүүгө багытталган. Программа жергиликтүү жарандык коомду, өндүрүүчүлөрдү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын активдүү тартуу жолу менен айыл чарба жана туризм секторлорунун потенциалын бекемдейт. Долбоор Жалал-Абад облусун жана ага чектеш аймактарды өз ара байланыштуу үч натыйжаларга жетишүү максатында камтыйт:

1-жыйынтык туристтик кызмат көрсөтүү жана маркетинг чөйрөсүндө өзүнүн күч-аракеттерин координациялоо мүмкүнчүлүгүн түзүү менен, фермерлерди жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү алардын уюмдарынын деңгээлин жана кызматташтыгын жакшыртууга багытталган.

2- жыйынтык Айыл чарба өндүрүшүн, туризмди жана калктын керектөөлөрүн колдогон кызмат көрсөтүүлөрдүн санын көбөйтүүгө жана сапатын жакшыртууга багытталган.

3- жыйынтык жеке жана мамлекеттик секторлор, ошондой эле жарандык коом ортосунда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн алкактык шарттарын жакшыртуучу чараларды жана инвестицияларды биргелешип аныктоо жана ишке ашыруу үчүн туруктуу диалог түзүүгө багытталган. Долбоор долбоордук сунуштарды конкурс аркылуу жарандык коом жана мамлекеттик эмес уюмдарды кызматташууга чакырат.

Долбоордук сунуштардын биринчи конкурсу айыл чарба жана туризимдик кошумча нарктын чынжырчасын өнүктүрүүгө төмөнкү жолдор менен багытталган:

  • Айыл чарбасында – экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүдө өндүрүүчүлөрдү жана өндүрүүчүлөрдүн топторун колдоо кошумча нарктын айыл чарба чынжырлары менен байланышкан ишкердик жана алардын потенциалын өстүрүү. Ошентип, кошумча нарк чынжырчасынын маанилүү түзүүчүсү болуп саналган кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн ушул чынжырларды андан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу система түзүлөт. Арыз берүүчүлөр туруктуу уюмдар болуп калат деп күтүлүүдө, алар процесстерди фасилитациялап, кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүп, долбоордун инвестицияларын убактылуу башкарышат.
  • Туризм чөйрөсүндө - сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында учурдагы кызмат көрсөтүүлөрдү / турпакеттерди жакшыртуу жана жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн кошулган нарк чынжырдын ичинде иштеп жаткан туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү колдоо.

Кызыкдар уюмдар долбоордук сунуштардын биринчи конкурсуна катышуу үчүн Каттоо барагын толтуруу жана жөнөтүү керек.

Толтурулган каттоо баракчасын 2019-жылдын 29-апрелде саат 00:00го чейин irdp-kg@giz.de электрондук дарекке “Каттоого суроо-талап” белгиси менен жөнөтүү керек. Каттоо баракчасы https://eeas.europa.eu/delegations/kyrgyz-republic/61043/node/61043_ru шилтемеси боюнча жеткиликтүү.

Суроолор боюнча төмөндөгү телефон: (996) 312 90 65 43 аркылуу кайрылууга болот.

                                                           

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу