Кыргыз Республикасында тамак-аш индустриясынын жумалыгы ачылды

Новости
16-Апрель 2019-ж.
4335

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинен 18-апрелине чейин 2019-жылга Кыргыз Республикасынын 2019-жылга көргөзмө-жарманкелик иш-чараларынын планынын алкагында, BiExpo компаниясы тарабынан бирдиктүү аянтта беш эл Аралык көргөзмөлөрдү бириктирген “Кыргыз Республикасында тамак-аш индустриясынын жумалыгы” 3 - Эл аралык конгресс-көргөзмө форум өтүп жатат:

- Food Expo Kyrgyzstan тамак-аш жана суусундуктарынын атайын көргөзмөсү;

- FoodTechExpo Kyrgyzstan тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдыктардын атайын көргөзмөсү;

- Horeca Bishkek коомдук тамактануу ишканалары үчүн жабдуулардын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атайын көргөзмөсү;

- Upack Expo Kyrgyzstan таңгактоо индустриясынын атайын көргөзмөсү;

- Halal Food Expo Халал индустриясынын атайын көргөзмөсү.

Жогоруда аталган атайын көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров катышты.

Көргөзмөлөрдүн алкагында семинарлардын, презентациялардын ишкердик программасы көрсөтүлдү. Ошондой эле, Кыргызстан, Россия жана Казакстандын алдыңкы адистеринин катышуусунда ресторандык жана мейманкана бизнес индустриясынын адистери үчүн форум уюштурулду. Аталган көргөзмөдө биринчи жолу Россия Федерациясынын Алтай аймагынын жана Беларусь Республикасынын Улуттук стенддери көрсөтүлдү.

Көргөзмөнүн максаты тамак-аш азыктарын демонстрациялоо, анда катышуучулардын Шериктеш өлкөлөрдүн көп сандаган кардарларына өз продукцияларын көрсөтүү, ошондой эле ишкер өнөктөштөрдү табуу, потенциалдуу кардарлар менен жолугушууларду уюштуруу, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү бар.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу